Табышмактар

Кыргызские загадки с ответами и переводом на русский и английский язык · Kyrgyz riddles with Russian and English translations

Ат аркалуу, Бээ курсактуу, Чыгырык мүйүздүү.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Бука моюндуу, Буура сандуу. Теке мүйүздүү.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Ийри такым, узун бут, Барган жери кызыл жут.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Учканы куштай, Жегени кишидей, Конгону тоодой.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Жолдо көчө кайнайт.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кой куйруктуу, Найча белдүү, Музоо баштуу.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Алты буту бар, Эки кирпиги бар.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Жайлоодогу жалбырак, Жумурткасын ким билет?

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Элең-элең эте кел, Этек-башың жыя кел.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

«Гүү» деп келип, «Гүү» деп кетет.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

«Гың-гың» этет Кокон жетет.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Зуу-зуу барабан, Алтын такадан, Күмүш кадаган.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Гап окуйт, гылын токуйт.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кичинекей дыңылдак, Кишиге тийсе чыңырат.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кытайдан келген лөк, Эки көзү көк

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Жардан чыгат жаланып, Жалаң кылыч байланып.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кара бээм сийди, Сийген жери күйдү.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кичинекей кара таш, Атан төө көтөрө албас

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Өзү кичинекей, бирок бир адамча күчү бар.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Караңгы үйдө кашаң кемпир секирет.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Караңгы үйдө карсак кемпир секирет.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кичинекей каратай Көзү кантип көрөтай.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кампай семиз жүнү жок.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кара токой ичинде кара доңуз.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кичинекей менетай, Мени кайдан көрөтай.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Кичинекей ментек, Мени жеген тентек.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Муз үстүнө музоо сойдум.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Чымчуурга каны жок, Чыңырарга жаны жок.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Чымчырга жүнү жок, «Чыр» дерге үнү жок.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Муун-муун муңаят, Муунунун башы кызарат.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар

Оозу кемшик, бүткөн бою тешик.

Үй буюмдары, жасалгасы

Чий түбүндө чилдир кесе.

Үй буюмдары, жасалгасы

Көлөкөдө көрүшмөк.

Үй буюмдары, жасалгасы

Өзү тегерек, адамга өтө керек.

Үй буюмдары, жасалгасы

үй баш сайын таза бала.

Үй буюмдары, жасалгасы

Жыйсам жеңдей, Жайсам көлдөй.

Үй буюмдары, жасалгасы

Кечеси жазылат, Күндүзү жыйылат.

Үй буюмдары, жасалгасы

Чалкаман жатам Илевинен тартам.

Үй буюмдары, жасалгасы

Күндүз бий, Түндө кул.

Үй буюмдары, жасалгасы

Күндүз иззатта, Түндө кызматта.

Үй буюмдары, жасалгасы

Күндүз кысыр, Түндө бооз.

Үй буюмдары, жасалгасы

Түндө түздөй, Күндүзү кыздай.

Үй буюмдары, жасалгасы

Күндүзү перидей, Түндөсү жиндей.

Үй буюмдары, жасалгасы

Өзү төрт аяк Үстүгө чабаты жаят.

Үй буюмдары, жасалгасы

Жарга таяк сүйөдүм

Үй айбандары

Аалам аппак кийинет.

Убакыт, мезгил

Басалагы басып жатат, Сугалагы сугунуп жатат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Учайын деп канатын ирмейт, Же канаттуунун сапатына кирбейт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Гепшеп турган ташты көрдүм. Митам бышкан ашты көрдүм.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Өзү ийри кожо, Тебетейи темир кожо, Үйү суунун боюнда.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жалама тоодо кийик секирет.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Суу ичине ката салдым, тагин өлдөп.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жонгон сайын жоондойт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жонсоң жоон, Кессең узун.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ичи ток, көлөкөсү жок

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Өзү бар, саясы жок.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Шырдактай жерге күн тийбейт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Оозу кара Ашырмат, Ичи кызыл кыямат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Илеби кара, ичи кызыл, Өлдөп чапса, кургак чыгат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Отко бышса как болот, Дубалга сүртсө ак болот.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Уучтаса ундан майда, Уютса таштан катуу.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Арбаят-тарбаят, Асты үйгө кирбейт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Төрт бир тууган сапар чегет, Бирин бири кууп жетпейт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Инисин кууп агасы жетпейт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Урун аркан, Жыйып ала албайм.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жалт-жулт этет, Жалмап жутат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кадырлап адам калкалайт, Кара боорду жалмалайт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Колсуз, бутсуз асманга, Атырылып чыгат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Күлгүн көйнөк, Күмүш билерик.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Эскиргени билинбейт, Кызыл жоолук дирилдейт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ийри-буйру көк келтек.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ийри-буйру көк алтай.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Узактан узак, Асманга тузак.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Үрпөк-сөрпөк үн торпок, Баштан чыккан көк торпок.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

узуң, узак, Көзгө тузак, Желбир камыш, Кытай мончок

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

узун улан, Келте кулан, Седеп мончок.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Узун узак, Көккө тузак, Алтын жалбырак, Батман топурак.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Узун улан, Улан жалбырак, Чейрек топурак.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Көк коюм чыгып кетип, Кызыл коюм жатып калды

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кызыл ат туруп кеткен, Кара ат жатып калган.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жалбыр чечек, Кызыл мончок, Кайнар булак.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Узун ураан, Сати мончок

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кызыл мончок, Жалбыр чечек.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Алдым толо кызыл алма, Баатыр болсоң, баарын карма.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Алдыңда кызыл анар, Кармарга адиң барбы?

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Отто — олоймон, Сууда — сулайман, Кырда — кылайман.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Түбү түптүү, түрткөнү күчтүү, Баары кызыл, башы жашыл.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Көч кетти, Көмөч калды.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Сары атым турган жерге чөп чыкпайт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Алоолонгон от болду, Андан кийин жок болду.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кичине бүкүр, Турган түкүр

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кичине гана декче, Ичи толо мыкча.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кичине сандыкча, Ичи толо мыкча

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кичине гана кутуча, Ичи толо мутуча. Өзү сүрөт, Сүрсө күлөт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Сандыкча, сандыкчанын ичинде жык балача.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Тартып ийсең жалын чыгат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Бир баш буудайга үй толот.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

7Бармактай ылай үй шыбайт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Бирөөнүкүн албоочу, Карматып койсоң кармоочу

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жыгач күйөт бирок түтүн жок

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Караңгы үйдө сары кыз отурат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Көзү көлдөн, Ажалы желден.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Отурушу өзүнөн чоң, Ортосу — төө, мойну ичке, Өзү жарайт, далай ишке.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Төрдө бирөө отурат төрөйүн деп. Көзү башы сүзүлүп өлөйүн деп.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Үй ичинде үлпүлдөк

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Күйгөн жылдыз, Кийгени кийим, Ичкени чийим.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Отсуз күйгөн, Орун алган үйдөн.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Тышы жалтырак, Ичи калтырак.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

От жакпастан чай кайнатат, Өлүп калган булбулду сайратат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Отунсуз күйгөн, Сым менен жүргөн, Кызаргыча күлгөн.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Аргез, Мойну бир кез, Чакырса келбес, Пияда жүрбөс.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Атасы баласын көтөрөт, Баласы калпагын көтөрөт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жер менен түптөгөн, Кийиз менен каптаган

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Сөңгөктөрү тилим-тилим, Сойсо каны чыкпайт, Адамды тирик жутат

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Сөөктөрү бакча-бакча, Жаркылдайт жалгыз көзү төбөсүндө.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ай кучак, ай кучак, Жыйып келсе бир кучак.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

ки эжекем бою тең.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

О тоонун аягы кайчы кулак, О тоонун быягы топчу кулак.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Өйүз-бүйүз топчу кулак, Өйүз-бүйүз кайчы кулак.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Топчу кулак торала, Кайчы кулак карала.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жетимиш кемпир жер тиштейт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кырк чакчыгай, Кырка жерди чукчугай.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Токсон кемпир тон тиштейт, Жетимиш кемпир жер тиштейт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Аркамда атамдын көзү тостоет.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Керегеге кене жабылды.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Алтымыш кемпир ай карайт, Жетимиш кемпир жер карайт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Алтымыш көкшүн Айды карайт. Жетимиш көкшүн Жерди карайт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жетимиш кабыргасы жер тирейт, Алтымыш кабыргасы ай тирейт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Отуз омуртка, Кырк кабырга, Бир ооз омуртка.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кандын кызы капталдай көчтү, Бектин кызы белестей көчтү.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Чүкчүгүй киши бүкчүгүй ээрге минет.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жинди-жинди, жинди кыз, Ыңырчакка минди кыз.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кара бээм калт этет, Кабыргасы жылт этет,

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кара бээм кардаң этет, Кабыргасы дардаң этет

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Бирөөдө кырк уул бар, Кыркынын кырк аягы бар.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кыркырак абышка өлөм дейт, Кырк азасы кырк жагынан жөлөйм дейт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кыркырак абышка өлөмүн дейт. Кырк уулу кырк жагынан жөлөймүн дейт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кыркырак абышкага кырк ок тийди.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Миң коюмдун кулагы шалпаң кула

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ават ашып келди, Нойгут басып келди.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ай төбөдө төрт жылан жатат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Үй үстүндө кырк жылан.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Табылгы тартса, тоо бекийт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Абай алтоо, Ботой төртөө, Түбөй жалгыз.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Абай уулу алтоо, Түбөй уулу төртөө, Жабай уулу жалгыз.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Абайдыкы алтоо, Төбөйдүкү төртөө.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Абайымда — алтоо, Төбөмдө — төртөө.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Атай алтоо, тотой — жетөө.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Атай-алтоо, тотой — төртөө.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ак күчүгүм, Айлана чуркайт

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кичине гана куу күчүк, Үйдү айлана жүгүрөт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кичине гана куу күчүк, Үйдү айлана үрүп чыгат

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ак күчүгүм үйдү айланып борбор чычат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Эки колу ичинде, бүткөн бою тышында.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ары-бери шалп.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кунан койдун куйругу, Ары шалп, бери шалп.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кунан койдун куйругу, Нары-бери миң келет.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Адам кирсе ачылат, Сыртка чыкса жабылат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

2Күндүз ылдый карайт, Түндөсү жогору карайт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Секирең өөдө сексен ирик изи кетти.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Бир сарт өлөмүн дейт, Эки сарт жөлөйүн дейт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Бир үйдө төрт адам жашайт, Экөө өлөм дейт, Экөө өлбө деп тиреп турат

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Элебай атам өлөм дейт, Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

үч жыгачтан кан да, бек да эңкейип өтөт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Төрдө төртөө турат төрөйүн деп, Эшикте экөө турат өлөйүн деп.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

үй баш сайын жырык атан.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жалгыз буттуу, Жандан күчтүү.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Мурду жырык кара атан, Сууга барат да, кайра келет.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ай-айлаган жоо келсе, Айры сакал атам токтотот.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ары тоо, бери тоо, Орто жери сары тоо.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Көчкөндө бөөз, өрүүдө кооз.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кочкор мүйүз көйкөлбөс, Койгон жерден чайпалбас.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ал этегим беш таш Бул этегим беш таш, Али тоок жеке таш.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кичкине гана кал эчким, Кыя-кыя жол баштайт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Инисин кууп, агасы жетпейт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жер түбүндө ай көчөт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Көк өгүзүм кол жапырып баратат.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жерге бекем түптөдүм, Кийиз менен каптадым.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Конгондо кооз, Көчкөндө бооз.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Жайсам — көлдөй, Жыйсам — жеңдей.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кыркыраган абышка өлөм дейт, Кырк уулу кырк жагынан жөлөйм дейт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Эки колу ичкери, Калган бою тышкары.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ичи кара, Тышы ак.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Кирпиги жыгач, көзү көк, Көзүнөн шоола төгүлөт.

Турак-жай, там үй, короо-жай, Чарбалык буюмдар

Ичкени суу, Чыгарганы буу, Тартканы жүк, Чарчабайт түк

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кашек жебейт, чөп жебейт, Кара болуп тердебейт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

«Күк-күк» этет, «Күш-күш» этет, Күчү тоодой, Жүгү зоодой.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Узун жолдо уй мөөрөйт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Буту оорубайт, минсе жоорубайт

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Чапсам баспайт, Тепсем басат.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Тетиктери темирден, Тээп койсо элирген.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кош балдагын басып турат, Кабар келсе шашып турат.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Шылдырым шырт, Тизеден курт. Күн жаайт, Булут өтөт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кезеги келгенде бир ууч таштап, Күзүндө алам каптап.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Экөө айдайт, жетөө колу менен казат.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Эки тартар, Бири жыртар, Куйругун сыйпалатар

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кичинекей кенентай Темир ыштан кийет ай.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кичинекей жеңил тай, Темир ыштан кийет ай.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Ыкыя-ыкыя, Белинде күмүш такыя

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Зуу-зуу барган, Зуу-зуу келген, Алтын адаган, Темир кадаган.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жер үстүнөн ай кетет.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жер астында ай көчөт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Шып-шып этет Шылып кетет

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Көк өгүзүм көл жапырып баратат.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Керегеде ийри кабак, Аны таба албагандын дарты тамак.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Диң-диң чолок жер казат

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Ар Этет, Гүр этет, Алып таштайт

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Бир киши бар, Миң тиши бар.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Боору толгон тиши бар, Жыгач менен иши бар.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Баратып үйдү карайт Келатып токойду карайт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Билегим ичке, алаканым чоң, Бир пуд жүктү көтөрүп да коем.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Бир чыбык менен миң кой айдадым.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кыңырыкта кын болбойт, Кын болсо да тыгыны болбойт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Тиши бар бирок тиштебейт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Бир балта менен миң карагай кыйдым.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кичине кана чилетир, Төштүн отун кулатты.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Тийген жери жалтырайт

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Тап, таппастан карап туруп калат.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Керегеге илинүү, асил кызга билилүү.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Аягы тоо, буягы тоо, Орто жери шыңгыр зоо

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

о жагы зоо, бу жагы зоо, Орто жери шыңгыр зоо.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Ак күчүгүм жүгүрө-жүгүрө бооз болду.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Ак улагым айылда жүрүп семирди.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жомогум, жомок, Толгонай чомок.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жүгүрүп жүрүп бооз болду.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кичинекей келин Үй айланып боозуйт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Тегеренип ак үйдү, Аппак улак жүгүрөт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кичинекей келинчек, Жүгүрүп жүрүп боозуйт

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Учтуу терек үлпүлдөйт, Учу менин колумда.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Денеси — темир, Куйругу — жип.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Денеси — темир, Куйругу — узун.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кичинекей маңбаш Көтөрүп чапса сынбас

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жыландан ийри, октон түз

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жылт-жулт этип токтогуз Жалгыз көздүү желмогуз.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жылт-жылт этет, Жүгүрүп өтөт

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жылт этти, жети жылгадан ашып кетти.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жылт этти, жылгага түштү

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кытайдан келет кырк эшек, Кырып алар жүнү жок.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Ушаласам турбады, Тешигин ям таппады.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Шыпылдаган камчым бар.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Бирөө жүрөт из салып, Бирөө жүрөт кыскарып.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

«Шып» деди, шыпка чыкты.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Казыктын башында, калдыргач ойнойт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кашкардан келген буурул ат, Таманы ташка туурулат.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Өзү битта, көзү жүзта.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Чымчык чаар атым бар, Чыпылдаган камчым бар

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Төрт молдо, Жылаңач иштейт жолдо.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Карса-курса атасы, Үңүрөйгөн энеси. Майда-чуйда баласы.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

үңүрөкөйгө — теңирекей.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кичинекей жетим кыз, Жер тували, тували.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

уңкул-чуңкул энеси, Убак сары баласы.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

уңкул-чуңкул энеси, Убак сары балдары, Урмак экен атасы

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Кара тоогум какылдайт, Канаттары шакылдайт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жоор боз ат.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жоор боз ат, Жорго сур ат. Эжигей Мурат, Эчки сурат.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Ачалакта жумалак, Айры бутка кумалак.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

А тоо, бу тоо, Ортосунда саңгил тоо.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Ай экөө, жылдыз үчөө.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Алты буту бар, Белинде куйругу бар.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Алты аягы, эки туягы.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Алты аягы бар, Эки туягы бар, Бир таягы бар.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Бу айылда буйругу, Ол айылда буйругу, Ортосунда куйругу

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Талдан таягы бар, Темирден туягы бар.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Өзү битта, буту алтыта

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Диң-диң чолок жер казат.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Инисин кууп, агасы жетпейт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Жер түбүндө ай көчөт.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Денеси темир Жегени көмүр Айчылык жолго Чуркайт жеңил.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Үйлөрү бар катар-катар, Чарчабай жүрөт, эң алыс сапар.

Техника, жол жүрүү, байланыш каражаттары

Бир баш буудайга үй толот.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бирөөнүкүн албоочу, Карматып койсоң кармоочу

Сан атооч катышкан табышмактар

Жыгач күйөт бирок түтүн жок

Сан атооч катышкан табышмактар

Ай кучак, ай кучак, Жыйып келсе бир кучак.

Сан атооч катышкан табышмактар

Отуз омуртка, Кырк кабырга, Бир ооз омуртка.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бирөөдө кырк уул бар, Кыркынын кырк аягы бар.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир сарт өлөмүн дейт, Эки сарт жөлөйүн дейт.

Сан атооч катышкан табышмактар

Жетимиш жети буту бар, Бир башы бар.

Сан атооч катышкан табышмактар

Жабык үстү, Оозу эки, түбү бир.

Сан атооч катышкан табышмактар

Япир Үстү кир, Оозу эки, Түбү бир.

Сан атооч катышкан табышмактар

Йаапырым — мойну бир, Оозу эки, түбү кир.

Сан атооч катышкан табышмактар

Жоор, Үстү кир, Оозу эки, Түбү бир.

Сан атооч катышкан табышмактар

Жөө, бир мүйүзү кер Оозу эки, көзү бир.

Сан атооч катышкан табышмактар

Биздин үйдө бир килем, Түрдүү түстүү сыр килем.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир малым бар тамга жармашып сиет.

Сан атооч катышкан табышмактар

д3ү бирөө, Кулагы төртөө

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир заттын арты күйүк, Бир заттын төшү күйүк.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бирөөнүн төшү күйүк, Бирөөнүн өзү күйүк.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бирөөнүн төшү күйүк, Үчөөнүн өзү күйүк.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир өзү, бир өзүндө миң көзү

Сан атооч катышкан табышмактар

Эки ээги бар. Бир тээги бар.

Сан атооч катышкан табышмактар

Он эки белбоо, Эки аркан. Эки казык, Бир бакан.

Сан атооч катышкан табышмактар

Өзү сүйлөбөйт, Бирок кишиге акыл үйрөтөт.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир коктуда миң чаар ат.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бири кем отуз.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир куу шыргый, Бир суу шыргый.

Сан атооч катышкан табышмактар

Эже-сиңди, Бирөө жарык, Бирөө караңгы.

Сан атооч катышкан табышмактар

Он эки бир тууган, Аларды ким тууган?

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир палек, отуз анделек.

Сан атооч катышкан табышмактар

Беш токмок, отуз шак, Бир бети кара, бир бети ак.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир үйдө жети кан.

Сан атооч катышкан табышмактар

«Бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз дейм. Тогуз күнү тогуз чанач жуурат, 9 кой союп берейин, тапсаң ал сеники, таппасаң меники» дейт өзүнүн жалчысынын аялына кызыккан бай. Табышмакты аялына жана элге айтат. Кээ бири 1 деген — бит, 2 деген — эмгек, 3 деген — үшкү, 4 деген — төлгө, 5 деген — белги, 6 деген — аркар, 7 деген — жээрен, 8 деген — серке, 9 деген — торко дешет. Карыялар муну аялына айтат. Байга айтам деген экөө талашып жатканда, конок келип калат. Конок «мен айтам» дейт. Эртеси азанда бай жандырмагын угууга келди. Конок: — Бир деймин — «бир кудаанын аты» деймин. Эки деймин — эки киши бир төшөктө жатса тоңбос деймин. Үч деймин — үч буттаган ат эки жакка кетпес деймин. Төрт деймин — төрөлүү жигит журтунан азбас деймин. Беш деймин — кайберен… эки жакка кетпес деймин. Алты деймин — алты атанга жүк артсам муңбасмын деймин. Жети деймин — жетисинен тогобой жесе билбес деймин. Сегиз деймин — күндө семиз ат минсем эрикпесмин деймин. Тогуз деймин — тогуз күнү тогуз чанач жуурат ичип, 9 кара кой союп жеп тапкан табышмагымдыр деймин.

Сан атооч катышкан табышмактар

Илгери кыргызда бир чоң аш болуп, ошондо Байгабыл деген ырчы келип ырдап жүрсө, Көк шалкы байдын Чата кыз дегени айтышамын деп келе жатканда Байгабыл «бул өзү байдын кызы болсо, мен жалаң аттуу жайдак токумдуу бир киши болсом, кызына жаман кеп айтып жыгып койсом мени өлтүрүп койбойбу» деп качып берет. Анда баякы кыз артынан бара жатып: Ай Байгабыл акетай Арыз айтамын угатур. Атыңдын башын бура тур. Ай, Байгабыл акетай Жооп айтамын угатур. Жоргоңдун башын бура тур. Анда Байгабыл токтобой эле: Атымын башын бурбаймын, Ай кудача, таяже, Арзыңды угуп турбаймын. Жоргомдун башын бурбаймын Ай кудача, таяже, Жообуңду угуп турбаймын — Деп эле кетип бара жатканда Байгабылдын астынан бир жигит чыгып: — Ой, Байгабыл, сен айтышкын, мен турганда сага өлүм жок, деди. Ошондо Байгабыл кубаттанып: Абийирим мындай жабылды, Атан төөдөй азамат Ушул жерден табылды. Ырысымды көрөйүн, Ырдашып жатып өлөйүн. Азабымдан көрөйүн, Сени менен айтышып жаттып өлөйүн — деп, кайрылып келип турду. Кыз келип: Ай, Байгабыл, акетай, Көпкөр кепти таштайлы. Айтышканга жараша Санат ырдан баштайлы — деди. Байгабыл: Ай, кудача таяже, Минген атым ток эле Бекер кыйнап турбагын Санат ырым жок эле — деди. Кыз: Минген атың ток болсо, Санат ырың жок болсо, Санат ырды таштайлы, Табышмактан баштайлы — деди. Байгабыл: Ойду бороон боросо, Тоону бороон боробос, Ай, кудача, таяже, Айтышып жеңип алганда Баякеңдин эч эчтемеси коробос — деди. Ошондо Чата кыз төмөнкүдөй деп табышмак айтты: Кара ылачын теппеген, Калдайып жерге түшпөгөн, Канатта бүтүн бар бекен? Куу ылачын теппеген, Кундуюп жерге түшпөгөн, Куйрукта бүтүн бар бекен? Боору бүтүн, башы эсен, Адамда бүтүн бар бекен? Муну тапчы Байгабыл? Байгабыл: Кара ылачын теппеген, Калдайып жерге түшпөгөн, Канатта бүтүн карлыгач. Куу ылачын теппеген, Кундуюп жерге түшпөгөн, Куйрукта бүтүн куркулдай. Боору бүтүн, башы эсен Адамда бүтүн «бир кудай», Мунун несин айткыдай. Теңирим тобо, «кудайга, ай», Таптык бекен кудача, ай. Кыз: Ото тоонун бооруна, Отоо тиккен ким экен? Ала-Тоонун бооруна, Ат ойноткон ким экен? Алтын казык кактырып, Бек байлаткан ким экен? Беш чыбыктын башынан, Түйүп алган ким экен? Кара жыгач түбүнөн, Казып алган ким экен? Эки жыгач түбүнөн, Эптеп алган ким экен? Жалгыз жыгач башынан, Жарып алган ким экен? Түн уйкусун үч бөлүп, Түндө жорткон ким экен? Жылаңайлак, жылаңбаш, Суу кыдырган ким экен? Муну тапчы Байгабыл? Байгабыл: Ото тоонун бооруна, Отоо тиккен жылкычы. Ала-Тоонун бооруна, Ат ойноткон бүркүчтү. Алтын казык кактырып, Бек байлаткан капканчы. Беш чыбыктын башынан, Түйүп алган саятчы. Кара жыгач түбүнөн, Казып алган кырмачы. Эки жыгач түбүнөн, Эптеп алган ээрчи. Жалгыз жыгач башынан, Жарып алган чоорчу. Түн уйкусун үч бөлүп, Түндө жорткон каракчы. Жылаңайлак, жылаңбаш Суу кыдырган балыкчы. Мунун несин айткыдай Теңирим тобо, «кудайга, ай Таптык бекен, кудача, ай. Кыз: Башынан булак бурбаган, Буруп алыш албаган. Суусун бөлөк бурбаган, Ак сары башыл сойбогон, Сууда бүтүн бар бекен? Байгабыл: Башынан булак бурбаган, Сууда бүтүн Ысык-Көл. Теңирим тобо, «кудай, ай» Мунун несин айткыдай Таптык бекен, кудача, ай. Кыз: Ай асмандын эркинде, Айды берген ким экен? Күн асмандын эркинде, Күндү берген ким экен? Телегейдин баарысын, Тегиз берген ким экен? Минип турган атыңды, Семиз берген ким экен? Суусап өлүп кетет деп, Булак берген ким экен? Өзүң угуп турсун деп, Кулак берген ким экен? Ачка өлүп кетет деп, Аштык берген ким экен? Аштык салып ичсин деп, Баштык берген ким экен? Эгиз бала туудуруп, Койду берген ким экен? Тал чыбыктай буралтып, Бойду берген ким экен? Муну тапчы, Байгабыл. Байгабыл: Ай асмандын эркинде, Айды берген, «бир кудай». Күн асмандын эркинде, Күндү берген, «бир кудай». Телегейдин баарысын, Тегиз берген, «бир кудай». Минип турган атыңды, Семиз берген, «бир кудай». Суусап өлүп кетет деп, Булак берген, «бир кудай». Өзүң угуп тургун деп, Кулак берген, «бир кудай». Ачка өлүп кетет деп, Аштык берген, «бир кудай» Аштык салып ичкин деп, Баштык берген, «бир кудай» Эгиз бала туудуруп, Койду берген, «бир кудай». Тал чыбыктай буралтып, Бойду берген, «бир кудай». Мунун несин айткыдай, Теңирим тобо, «кудай, ай». Таптык бекен кудача, ай. Кыз: Узун-узун, узун жол Учуна чыккан ким экен? Жер ортосу боз дөбө, Болжоп калган ким экен? Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланган ким экен? Мээриянын беш бурчун, Беш айланган ким экен? Кара кийик терисин, Кайыш кылган ким экен? Кара киши баласын, Каныш кылган ким экен? Көпөлөктөн куш кылып, Көл кыдырган ким экен? Кара сууну кайнатып, Каймак алган ким экен? Муну тапчы, Байгабыл. Байгабыл: Узун-узун, узун жол Учуна чыккан жолоочу. Жер ортосу боз дөбө, Болжоп калган жылкычы. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланган кербенчи. Мээриянын беш бурчун, Беш айланган мергенчи. Кара кийик терисин, Кайыш кылган мергенчи. Кара киши баласын, Каныш кылган суусарчы. Көпөлөктү куш кылып, Көл кыдырган бул шайтан. Кара сууну кайнатып, Каймак алган бул шайтан. Мунун несин айткыдай, Теңирим тобо, кудайга, ай, Таптык бекен, кудача, ай… — деп, кызды Байгабыл жеңип алып, үйүн көздөй жүрүп кетиптир.

Сан атооч катышкан табышмактар

Кыз: Чөптүн башы эмне? Суунун башы эмне? Элдин башы эмне? Жолдун башы эмне? Муну таап алчы, Байгабыл. Байгабыл: Чөптүн башы мыядыр, Жолдун башы кыядыр. Суунун башы дарыя, Элдин башы карыя. Тобо теңир, «кудай, а» Таптым бекен, кудача. Кыз: Баракелде, Байгабыл, Кара ылачын теппеген, Казда бүтүн бар бекен? Куу ылачын теппеген, Кууда бүтүн бар бекен? Таап алчы, Байгабыл. Байгабыл: Кара ылачын теппеген, Калдайып жерге түшпөгөн. Казда бүтүн карлыгач. Куу ылачын теппеген, Кулдуюп жерге түшпөгөн, Кууда бүтүн куркулдай. Кыз: Үч чырпыктын башынан, Түйүп алган ким экен? Жалгыз жыгач башынан, Ийип алган ким экен? Кара жыгач түбүнөн, Казып алган ким экен? Таап алчы, Байгабыл. Байгабыл: Үч чырпыктын башынан, Түйүп алган саятчы. Жалгыз чырпык башынан, Ийип алган түндүкчү. Кара жыгач түбүнөн, Кесип алган ээрчи. Кыз: Ачуу менен чулунун, Даамын алган ким экен? Ыраак менен жакындын, Ченин алган ким экен? Түлкү менен бөрүнүн, Намызын алган ким экен? Кара тоонун бооруна, Казан аскан ким экен? Улуу тоонун бооруна, Ат ойноткон ким экен? Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган ким экен? Чегирткени ат кылып, Черге минген ким экен? Кара сууну кайнатып, Каймак алган ким экен? Таап алчы, Байгабыл. Байгабыл: Ачуу менен чулунун, Даамын алган ашмачы. Ыраак менен жакындын, Ченин алган жортуулчу. Түлкү менен бөрүнүн, Намызын алган капканчы. Кара тоонун бооруна, Казан аскан кийикчи. Улуу тоонун бооруна, Ат ойноткон бүркүтчү. Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган бу шайтан. Чегирткени ат кылып, Черге минген бу шайтан. Кара сууну кайнатып, Каймак алган бу шайтан. Тобо теңир, кудай, я Таптым бекен, кудача. Кыз: Отуз өрдөк, беш чүрөк, Эки сонор, бир чүрөк Таап алчы, Байгабыл. Байгабыл: Отуз өрдөк дегениң Отуз күнкү орозоң. Беш эле чүрөк дегениң Беш убак эле намазың. Эки сонор дегениң Бири улуу айт болбосун да, Бири кичи айт болбосун. Жалгыз чүрөк дегениң Ноорустама болбосун.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бөрүбай менен Ибраим бир жыйында айтышып калган экен. Бөрүбай: Ала-Тоонун бооруна, Ат ойноткон ким экен? Кара-Тоонун боорунда, Карсылдаткан ким экен? Өйүз менен бүйүздүн, Аңышын алган ким экен? Баркыраган жылдыздын, Баткан жери кайда экен? Жамы олуя биригип, Жаткан жери кайда экен? Мунун маанисин айтып бер. Айта албасаң маанисин, Журттан алган тонуңду Жай-жайыга кайтып бер. Ибраим: Ала-Тоонун боорунда, Ат ойноткон жылкычы. Кара-Тоонун боорунда, Карсылдаткан мылтыкчы. Өйүз менен бүйүздүн, Аңышын алган бүркүтчү. Баркыраган жылдыздын, Баткан жери кыбыла. Жамы олуя биригип, Жаткан жери Медина. Бөрүбай: Илек-илек, илген куш, Тал тагинде балыкты Бал көргөндөй билген куш. Путу неге узарган, Тумшугу неге кызарган? Мунун маанисин айтып бер. Айталбасаң маанисин. Журттан алган тонуңду Жай-жайыга кайтып бер. Ибраим: Илек-илек, илген куш, Суу тагинда балыкты Бал көргөндөй билген куш. Путуну менден сурасаң, Амир болуп кудайдан Анан путу узарган. Тумшугуну сурасаң, Чокуй берип кызарган.

Сан атооч катышкан табышмактар

Ракыйма: Асманда бир жылдыз бар жылыстаган, Базарда бир ногой бар күл устаган. Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсоң Сүөгүн Мухаммеддин ким устаган. Буурабай: Мухаммеддин сүөгүн апасы куюп, Аалы жууган, Келме айтып Калый Молдо тыңлап турган. Эми, өзөк менен өзөк менен, Болмойду каапыр жолдош Тезек менен, Өлөңдү мен айтайын кезек менен. Арпада алың түөң кымбат экен, «Аллага» төрт периште тил кат экен, Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсо, О дүйнө, бу дүйнөдө не таттуу экен? Ракыйма табышмакты чече албай калганда Буурабай өзү чечет: Алмага шекер кошкон бал таттуу экен, Кошулган он бешинде жар таттуу экен, «Жебирейил периште» укурукту салган чакта, Бир чымындай жан таттуу экен. Ракыйманын суроосу боюнча экинчи табышмагын айтат: Бүтүптүр ай талаага ак бай терек, Жаман сөз жарабаган кимге керек. Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсо, Отуз үч миң жалбырак, Төрт бутагын тапсаң керек. Ракыйма муну да чече албайт. Буурабай өзү Ак бай терек дегеним — ак пайгамбар, Отуз үч миң дегеним — саабалары, Төрт бутагы дегеним — төрт чалыяр, Өлөңүңдү таап алдым, өлөңүңдү ал.

Сан атооч катышкан табышмактар

Айган Алты шаардын каны болуп, ордосу Уч деген жерде, кан уюгу деген ордо болуп, тагы Уч болуп аталган. Бара-бара Турпан деген атак пайда болот. Бул шаар Уч жерге салынгандыктан Уч, үчкө айланып, Үч турпан болуп кеткен. Бул жердин каны Айган болуп, баласы токтобой өлүп турат. Бир баласы токтоор бекен деп ырым кылып, жарташтын бооруна атайлап үй салдырып ошондо бактырат. Бала 6—7 жашка келгенде жемиш менен кара курт барып, баласы Канбачаны чагып өлтүрөт. Калк чогулуп, Кетбука деген комузчу комуздун күүсү менен угузат. Кетбуканын күүсү: Туу куйругу бир кучак, Тулпар качты Айганым. Туурунан бошонуп, Шумкар качты Айганым. Алтын така күмүш мык, Дулдул качты Айганым. Алтын туур ордунан, Туйгун качты Айганым. Алтын ордо багынан, Булбул качты Айганым. Деңиз толкуп чайкалып, Көл бөксөрдү Айганым. Терек түптөн жулунуп, Жер бөксөрдү Айганым. Ала-Тоо кулап бас болуп Бел бөксөрдү Айганым. Берекелүү нур качып, Эл бөксөрдү Айганым. Төрөлөрдүн уругунан, Төл бөксөрдү Айганым. Агын дайра соолуп, Көл бөксөрдү Айганым. Кара жандан таптаттуу, Ынак көчтү Айганым. Касиети башкача, Чырак көчтү Айганым. Айгандын жообу: Кет-кет Кетбука, Кеби суук ит Бука. Карап турган кашыңда Кашыңда курсун ит Бука. Күү менен сүйлөгөн Сөзүң курсун ит Бука. Комуз чертип ырдаган, Ырың курсун ит Бука. Кара жанды кашайткан, Чырың курсун ит Бука. Атайы келген алдыма, Ишиң курсун Кетбука, Комуз чертип жоруган Түшүң курсун Кетбука.

Сан атооч катышкан табышмактар

Нурмолдо: Долононун топ бутак, Токулдаткан ким болду? Эки жыгач боорунан, Эп кыйдырган ким болду? Жалгыз жыгач боорунан, Жарып алган ким болду? Ак жамынчы жамынып, Кериге чыккан ким болду? Тумшугу жок куш салып, Турна алдырган41 ким болду? Ала-Тоонун боорунан, Ат ойноткон ким болду? Кара-Тоонун бооруна, Казан аскан ким болду? Он эки та бээ бар, Алтоо бооз дегеним, Алтоо кысыр дегеним, Кара кашка дулдулдун, Сойгон жери кайсы жер? Чын Мухаммед өзүнүн, Койгон жери кайсы жер? Баркырак сары жылдыздын, Баткан жери кайсы жер? Бар олуя биригип, Жаткан жери кайсы жер? Тоголок сары жылдыздын, Баткан жери кайсы жер? Топ олуя биригип, Жаткан жери кайсы жер? Казы ылачын теппеген, Казда бүтүн бар бекен? Куу ылачын теппеген, Кууда бүтүн бар бекен? Жээ тору ат таман баспаган, Жерде бүтүн бар бекен? Жам Кулубек чаппаган, Кенде бүтүн бар бекен? Муса: Долононун топ бутак, Токулдаткан токмокчу. Карагай менен ыргайдын, Башын бууган түндүкчү. Эки жыгач боорунан, Эп кыйдырган комузчу. Жалгыз жыгач боорунан, Жарып алган челекчи. Ак жамынчы жамынып, Кериге чыккан жылкычы. Тумшугу жок куш салып, Турна алдырган тузакчы. Канаты жок ок салып, Каз алдырган мергенчи. Казан аскан саятчы. Он эки та бээ бар Алтоо бооз дегениң, Алтоо кысыр дегениң, Үч ай, токсон, үч ай кыш, Үч ай жаз, үч ай күз. Кара кашка дулдулдун, Сойгон жери Мекедир. Чын Мухаммед өзүнүн, Койгон жери Мекедир. Баркырак сары жылдыздын, Баткан жери Мекедир. Бар олуя биригип, Жаткан жери Мекедир. Жээ тору ат таман баспаган, Жерде бүтүн Индостан. Жам Кулубек чаппаган, Кенде бүтүн Индостан. Куу ылачын теппеген, Кууда бүтүн куркулдай. Каз ылачын теппеген, Казда бүтүн карлыгач. Табышмагың таптымбы, Оозуңду жаптымбы?

Сан атооч катышкан табышмактар

Талим кыз деген падышанын кызы бар экен. Табышмакты кыйын билет экен. Ал: «Мени менен айтышып, мени ким жеңсе, ошол кишиге тийемин. Айтышып менден жеңилген кишинин башын кесип өлтүрөмүн» — деп, көп киши менен айтышып, жеңген кишилерин өлтүрүп койгон экен. Айтышууга эч бир адам чыкпаган соң, бир күнү Көбөк деген ханга жолугуп: «Сени кыйын акын деп уктум, сени менен айтышам. Менден жеңилсең хандыгыңды таштап менин атама кул болгун. Агер мени жеңсең, мен сага тиемин» деди. Көбөк хан кыздын сөзүн макул көрүп, айтышмак болду. Экөө тең жети атасынан бери журт сураган падышалардан экен. Экөө тең убаданы бир жерге коюп, ошондо Талим кыз баштайт: Аркы айдын ичинде, Берки айдын башында, Желигип кеткен жети атан. Бу немине болучу? Жерди жемире баскан чал буура, Ал немине болучу? Желини сүттүү куу инген, Бул немине болучу эле? Жез буйлалуу нар тайлак, Бул немине болучу? Кара-Тоо башын кар чалды, Бул немине болучу? Ала-Тоо башын күн чалды, Бул немине болучу? Камыш башы калк этет42, А немине болучу? Чийдин башы чилиет, Бул немине болучу? Көбөктүн жообу: Наркы айдын ичинде, Берки айдын башында, Желигип кеткен жети атан, Түпкү жети атаң турбайбы. Жерди жемире баскан чал буура, Сенин өз атаңыз турбайбы. Желини сүттүү куу инген. Өз энеңиз болбойбу. Жез буйлалуу нар тайлак, Талим кыз өзүң эмеспи. Кара-Тоо башын кар чалса, Атаңдын ак сакалы болбойбу. Ала-Тоо башын күн чалса, Энеңдин элечеги эмеспи. Камыш башы калк этсе, Кас элечек болбойбу. Жекендин башы желп этсе, Энеңдин бүркөнчөгү турбайбы. Анда Талим кыз: Ак таман тору ат баспаган, Жерде бүтүн бар бекен? Бөрү бөлбөс, жоо чаппас, Элде бүтүн бар бекен? Боору бүтүн, башы эсен Адамда бүтүн бар бекен? Таш оодарып салбаган, Тоодо бүтүн бар бекен? Арык буруп албаган, Сууда бүтүн бар бекен? Анда Көбөктүн жообу: Ак таман тору ат баспаган, Жерде бүтүн Индистан. Бөрү бөлбөс, жоо чаппас Жерде бүтүн Меке де. Боору бүтүн, башы соо Адам эмес, «бир кудай». Таш оодарып салбаган, Тоода бүтүн Ала-Тоо. Арык буруп албаган, Сууда бүтүн Ысык-Көл. Таптым бекен, Талим кыз. Акын болсоң карайын Дагы айтың, Залим кыз. Анда Талим кыз: Кара ылачын теппеген, Казып жерге түшпөгөн, Канаттууда бүтүн бар бекен? Куу ылачын теппеген, Куруп жерге түшпөгөн, Түшкөнүн адам билбеген, Куйруктууда бүтүн бар бекен? Анда Көбөктүн жообу: Кара ылачын теппеген, Казып жерге түшпөгөн, Түшкөнүн адам билбеген, Канаттууда карлыгач. Куу ылачын теппеген, Куруп жерге түшпөгөн, Куйруктууда куркулдай. Таптым бекен, Талим кыз. Акын болсоң карайын Дагы айтчы, Залим кыз. Талим кыз: Сары жылан чиргелең, Саамал ичкен ким экен? Куба жылан чиргелең, Куруп алган ким экен? Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган ким экен? Чегирткени ат кылып, Черүүгө минген ким экен? Көпөлөктү куш кылып, Көл кыдырган ким экен? Куурчакты кыз кылып43, Эрге берген ким экен? Көбөк: Сары жылан чиргелең, Саамал ичкен шайтаның. Кара жылан чиргелең, Куруп алган шайтаның. Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган шайтаның. Чегирткени ат кылып, Черүүгө минген шайтаның. Көпөлөктү куш кылып, Көл кыдырган шайтаның. Куурчакты кыз кылып, Эрге берген шайтаның. Таптым бекен, Талим кыз, Акын болсоң карайын, Дагы айтчы, Залим кыз. Талим кыз: Алыс менен жууктун, Ченин алган ким экен? Ачуу менен таттуунун, Даамын алган ким экен? Узун-узун торгундун, Учунан кыйган ким экен? Кыска-кыска торгундун, Түбүнөн кыйган ким экен? Эки жыгач боорунан, Эптеп жеген ким экен? Чырканактын түбүнө, Үйүн тиккен ким экен? Эки таштын ортосуна, Отун жаккан ким экен? Көбөк: Алыс менен жууктун, Ченин алган — жолоочу. Ачуу менен чүчүүнүн, Даамын таткан — ашмачы. Узун-узун торгундун, Учунан кыйган — уукчу. Кыска-кыска торгундун, Түбүнөн кыйган — түндүкчү. Эки жыгач боорунан, Эптеп жеген — кырмачы. Жалгыз жыгач боорунан, Жарып жеген — чертмекчи. Чырканактын түбүнө, Үйүн тиккен — саятчы. Эки таштын ортосу, От жакканың — жылкычы. Таптым бекен, Талим кыз, Акырын кеп айтышып.

Сан атооч катышкан табышмактар

Талым кыз: Адам зат пендеси, Сүйгөн нуру ким болот? Асман менен закымдап, Жүргөн нуру ким болот? Арасында тунарык, Кирген нуру ким болот? Асман-жерди жаркыткан, Ачык нуру ким болот? Асман жерди бүркөгөн, Сасык нуру ким болот? Асман-жердин сыйнаты, Канык нуру ким болот? Жан бүткөндүн баарысын, Тазалаган ким болот? Жарды дебей, бай дебей Жабыр кылган ким болот? Эл ортосун ынтымак, Кылган нуру ким болот? Бир ордуна кебелбей, Турган нуру ким болот? Талымдын тартпа домогун, Таба салгын жомогун. Менин атым Талым кыз, Ченеп мага жологун. Көбөк: Адам заат пендеси, Сүйгөн нуру таң болот. Асман менен закымдап, Жүргөн нуру Ай болот. Арасында тунарык, Кирген нуру түн болот. Асман-жерди жаркыткан Ачык нуру Күн болот. Жер-асманды бүркөгөн, Сасык нуру туман дейт. Жер-асманды жаркыткан, Анык нуру жылдыз дейт. Жан бүткөндүн баарысын, Тазалаган эки көз. Жарды, байды кейитип, Жабырлаган суук сөз. Эл ортосун ынтымак, Кылган нуру жакшы сөз. Бир ордуна кебелбей, Турган нуру убада. Таптымбы, Талым, сөзүңдү, Келтирдимби кезиңди? Аптыкпагын, Талым кыз, Ачмак болдум көзүңдү. Талым кыз: Жер сиңип кеткен жети атан, Ал эмне, Көбөк чоң? Жерди жемире баскан чал буура, Ал эмне, Көбөк чоң? Желини сүттүү куу инген, Ал эмне, Көбөк чоң? Жез буйлалуу нар тайлак, Ал эмне, Көбөк чоң? Оргочордон от күйөт, Ал эмне, Көбөк чоң? Ысык-Көлдөн ит үрөт, Ал эмне, Көбөк чоң? Жан бүткөндөн баарынан, Каргыш алган ким болот? Жанга залал кылбастан, Алкыш алган ким болот? Түйүлгөндүн түйүнүн, Чечип турган ким болот? Түндөп-күндөп токтобой, Көчүп турган ким болот? Сөөгүңдү ысытып, Эзип турган ким болот? Көбөк: Жер сиңип кеткен жети атан, Жети атабыз эмеспи. Жерди жемире баскан чал буура, Түп атабыз эмеспи. Желини сүттүү куу инген, Өз энебиз эмеспи. Жез буйлалуу нар тайлак, Карындашым эмеспи, Оргочордон от күйсө, Эки көзүң жайнаган. Ысык-Көлдөн ит үрсө, Бака болот чардаган. Жан бүткөндүн баарынан, Каргыш алган карышкыр. Жанга салал кылбастан, Алкыш алган байкуштар. Түйүлгөндүн түйүнүн, Чечип турган чечендер. Түндөп-күндөп токтобой, Көчүп турган санаа дейт. Сөөгүңдү ысытып, Эзип турган бала дейт. Талым кыз: Узун-узун, узун жол, Учун билген ким экен? Күндөп-түндөп жүгүрүп, Аянбай жүргөн ким болот? Алыс менен жууктун, Ченин билген ким болот? Ачуу менен чүчүүнүн, Даамын таткан ким экен? Кара сууну кайнатып, Таттуу кылган ким болот?1 Оолуктуруп адамды, Чечен кылган ким болот? Ойдо жокту ойлонтуп, Кесел кылган ким болот? Мүңкүрөтүп адамды, Карып кылган ким болот? Мууну-жүүнүн бошотуп, Арык кылган ким болот? Кызыл жүзүн оңдуруп, Сарык кылган ким болот? Көбөк: Узун жолду узартып, Учун билген кербенчи. Күндөп-түндөп жүгүрүп, Аянбаган мергенчи. Алыс менен жууктун, Ченин билген базарчы. Ачуу менен чүчүүнүн, Даамын таткан казанчы. Кара сууну кайнатып, Таттуу кылган туз болот. Кан төгүшкөн душманды, Жакын кылган кыз болот. Калжыраган тантыкты, Асыл кылган мал болот. Кайраты бар жигитти, Баатыр кылган эл болот. Оолуктуруп адамды, Чечен кылган тил болот. Ойдо жокту ойлонтуп, Кесел кылган жин болот. Мүңкүрөтүп адамды, Карып кылган ургачы. Муунун-жүүнүн бошотуп, нускада — «Каймак алган ким болот?» Арык кылган убайым. Кызыл жүзүн оңдуруп, Сарык кылган бересе. Жана сөзүң бар болсо, Жообун берем бир нече. Талым кыз: Куу ылаачын теппеген, Кулдуюп жерге түшпөгөн. Кууда бүтүн бар бекен? Кара ылаачын теппеген, Калдайып жерге түшпөгөн, Казда бүтүн бар бекен? Башынан алыш албаган, Таш оодарып салбаган, Сууда бүтүн бар бекен? Качырганын кайсаган, Иттин чоңу бар бекен? Кармашканын куткарбас, Куштун чоңу бар бекен? Көбөк: Куу ылачын теппеген, Кулдуюп жерге түшпөгөн, Кууда бүтүн куркулдай. Кара ылаачын теппеген, Калдайып жерге түшпөгөн, Каздан бүтүн карлыгач. Башынан алыш албаган, Таш оодарып салбаган, Суудан бүтүн Ысык-Көл. Качырганын кайсаган, Иттин чоңу Кумайык. Кармаганын куткарбас, Куштун шери Буудайык. Каргашалуу, Талым кыз, Ушул кимге ылайык? Талым кыз, сен да шайтансың Дагы айтар кебиң калдыбы? Бар болсо кебиң айтарсың. Талым кыз: Акыр заман калкынын, Алпы белең, эр Көбөк? Алптардын калган соңунда, Артыгы белең, эр Көбөк! Тим жүрбөстөн сөзүңө, Тийиштик кылдым өзүңө, Күнөөм болсо кечкин деп, Күрмөгөн жибим чечкин деп, Таппадым деп ыгыңды, Талым кыз сөзгө жыгылды.

Сан атооч катышкан табышмактар

Эсенаман: Бурай-бурай сөз келди, Балам, бурачу жерге кез келди. Толгой-толгой сөз келди, Балам, толгочу жерге кез келди. Алыс менен жакындын, Ченин алган бар бекен? Кызыл жылан ширгелеп, Кымыз ичкен бар бекен? Сары жылан ширгелеп, Саамал ичкен бар бекен? Узун жыгач башынан, Улап алган ким экен? Эки жыгач башынан, Эптеп алган бар бекен? Туура жаткан жыгачтан, Чек чыгарган бар бекен? Тубар-тубар жыгачты, Туурап алган ким экен? Аштан ырдап ат алдың, Тойдон ырдап тон алдың. Муну таап айтып бер, Муну таап айтпасаң, Чонду аке, алганыңды кайтып бер. Чонду: «Кудайдын» жайын билбейсиң, «Кудайдын» сөзүн сүйлөйсүң, Кадимки каапыр болдуң сен. Чалыяр жайын билбейсиң, Чаар китеп сөзүн сүйлөйсүң, Чала капыр болдуң сен. Бериште жайын билбейсиң, Байгамбар сөзүн сүйлөйсүң, Билбестен капыр болдуң сен. Асмандагы Айыңдын, Батар жери кыбыла. Азизтериң чогулуп, Жатар жери Медина. Алакандай никенин Адалдыгы Алемдуу, Муну билбес ырчынын Ичкен ашы арам да, Анын өз башына залал да. Эсенаман: Бурай-бурай сөз келсе, Бурачу жерге кез келсе, Толгой-толгой сөз келсе, Толгочу жерге кез келсе, Беш убакыт намаздын, Ак сакалы кайсы экен? Таңга маал болгондо Келбейт сопу уйкусу, Кайсы болот, Чонду аке, Кураныңдын кулпусу? Кой кыштатып короого, Сооп алган бар бекен? Өткөн менен кеткенден, Жооп алган бар бекен? Куу ылачын теппеген, Кууда бүтүн бар бекен? Кара ылачын теппеген, Канатта бүтүн бар бекен? Боору бүтүн башы эсен, Калкта бүтүн бар бекен? Чонду: Беш убаккы, беш намаз Аксакалы багымдат, Таңга маал болгондо Келбейт сопу уйкусу, Кайда болот дегениң Кураныңдын кулпусу, Кулкулдават эмеспи. Өткөн менен кеткенди, Сооп алат дегениң Оң ийниңде периште, Сактап турат турбайбы. Сол ийниңде периште, Күнөөң менен соопту, Каттап турат турбайбы. Куу ылачын теппеген, Кулдуюп жерге түшпөгөн, Кууда бүтүн куркулдай. Кара ылачын теппеген, Калдайып жерге түшпөгөн, Канатта бүтүн карлыгач. Боору бүтүн, башы эсен Алда жараткан гана бир кудай. Эмесе мен — периште, сен — шайтан, Билбесем сөздү неге айтам. Эсенаман: Камыш башы калк этет, Бул эмне болучу? Жекен башы желп этет, Бул эмне болучу? Жер чапчыган чал буура, Бул эмне болучу? Желини сүттүү куу инген, Бул эмне болучу? Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган бар бекен? Чегирткени кой кылып, Черүүгө минген бар бекен? Көпөлөктү ат кылып, Көл кыдырган бар бекен? Сокбилекти кыз кылып, Эрге берген бар бекен? Кара тоонун боорунда, Казык КЙККЯН бар бекен? Кунан койдун куйкум эт, Бутун жеген бар бекен? Бедел менен жайыктын, Белин ашкан бар бекен? Узун чыбык колго алып, Жар кыдырган бар бекен? Токумдугун тердетип, Түндө жүргөн бар бекен? Карлуу тоонун боорунда, Кар бургуткан бар бекен? Эки таштын түбүндө, От жактырган бар бекен? Чонду: Камыш башы калк этсе, Казы элечек эмеспи. Жекен башы желп этсе, Желке чачың эмеспи. Желини сүттүү куу инген, Өз энекең эмеспи. Жер чапчыган чал буура, Өз атаңыз эмеспи. Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган шайтаның. Чегирткени ат кылып, Черүүгө минген шайтаның. Көпөлөктү ат кылып, Көл кыдырган шайтаның. Сокбилекти кыз кылып, Эрге берген шайтаның. Кара тоонун боорунда, Казык каккан капканчы. Кунан койдун куйкум эт, Бутун жеген карышкыр. Жети төрдүн башына, Шерне жеген боз балдар. Бедел менен жайыктын, Белин бууган арыкчы. Узун чыбык колго алып, Жер кыдырган балыкчы. Токумдугун тердетип, Түндө жүргөн каракчы. Кара-Тоонун башынан, Ат ойноткон бүркүтчү. Карлуу тоонун бооруна, Кар бургуткан куу түлкү. Эки таштын түбүнө, От жактырган жылкычы.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир байдын койчуманынын ашкан сулуу аялы болгон экен. Бай «Жакшы аял койчуманга ылайык эмес» деп ыраа көрбөй, тартып алмакчы болуп табышмак айтат: — Таба албасаң катының меники, таап алсаң беш жүз кой сеники — дейт. Кантмек эле, койчу макул болуптур. — Бир коонду он эки тилсе болот, он бир тилимин жесе болот, бир тилимин жебесе болот, бир тилимин жеген кишини мусулман дебесе болот — дейт бай. Он эки күн мөөнөт бериптир. Он күн ойлонуп таппай, жигит арыктап бүтүптүр. Он биринчи күнү аялы: — Эмне арыктап кеттиң? — деп сурап калат. Жигит бай менен болгон окуяны айтып берет. — О, кокуй десе, анын жарасы жеңил — дейт аялы. Анан күйөөсүнө табышмактын жандырмагын айтып берет. — Бир коон дегени — бир жыл; он эки тилим дегени — он эки ай; он бир тилим жесе болот дегени — он бир ай ооз ачык болот, бир тилимин жебесе болот дегени — бир ай ичинде орозо кармабаган кишини мусулман дебесе болот — дептир.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир хандын кызын дагы бир хандын уулу алмак болот. Анан отуз күнү той берет. Дүнүйө-тамашанын баарын жасайт. Эр да сайыштырат, төө да чечтирет. Анан өргөсүн көтөрүп, тойду таратып жөнөтө турган болот кызды. Ошондо кыздын атасы оолугуп кетип мындай деген табышмак айтат: — Он ит, жыйырма карышкыр, отуз жолборс, кырк аюу, элүү өгүз, алтымыш аркандаган ат, жетимиш үч буттаган ат, сексен жумуртка, токсон торгой. Ушул табышмакты тапсаңар кызымды алгыла, таппасаңар бербейм, — дейт. Бул табышмакты эч ким таба албай, сегиз ат коштоп киши алдырат. Келген киши мындай деп чечкен экен: — Он — ит: он жаштагы бала, итче ыркырашып турбайбы. 20 — карышкыр: карышкырдай тытышып, жулкушуп турбайбы. 30 — жолборс: отузунда жолборстой эле алдуу-күчтүү болот да. 40 — аюу: кыркында кандай болбосун бастап калат го киши. 50 — өгүз: элүүсүндө өгүздөй жоош тартып, муңайып калат да. 60 — арканданган ат: алтымышка чыкканда аттай болуп калат да. 70 — үч буттаган ат: үч буттаган дегени, үч буттап тушап койгон аттай болалбай каласың дегени. 80 — жумуртка дегени: 80 деги кезде жумурткадай чайкалып калбайбы. 90 — торгой дегени — торгойдой эле сайрап калбайбы. Ошентип кызын берген экен

Сан атооч катышкан табышмактар

Илгери бир хандын кызы болгон экен. Бул кыз турмушка чыгуу үчүн хандын элин бүт жыйдырат. Хандын кызы келген элге: — Менин бул табышмагымды ким тапса, мен ошол жигитке тиемин — дейт. Жыйылган элдин ичинде бир молдо жигит табышмакты табууга макул болот. Кыз табышмагын айта баштайт. Кыз: Молдо торгой, боз торгой Канатында каты бар. Кармап алып сайраткан, Кайсы-кайсы байгамбар? Молдо жигит: Молдо торгой, боз торгой Канатында каты бар. Кармап алып сайраткан — Ибраим байгамбар. Кыз: Төбөдөгү төрт жылдыз, Баткан жери кайсы экен? Төрт чалыяр биригип, Жаткан жери кайсы экен? Молдо жигит: Төбөдөгү төрт жылдыз, Баткан жери — кыбыла. Төрт чалыяр биригип, Жаткан жери — Медина. Кыз: Жатып калган жыгачка, Жан киргизген ким болду? Молдо жигит: Жатып калган жыгачка, Жан киргизген — кыякчы. Кыз: Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган ким болду? Молдо жигит: Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган — куу шайтан. Кыз: Чегирткени ат кылып, Чертип минген ким болду? Молдо жигит: Чегирткени ат кылып, Чертип минген — куу шайтан. Кыз: Көпөлөктү куш кылып, Көндүрүп жүргөн ким болду? Молдо жигит: Көпөлөктү куш кылып, Көндүрүп жүргөн — куу шайтан. Кыз жеңилип, жигит менен турмуш курган экен.

Сан атооч катышкан табышмактар

Илгери бир хан эки вазири менен жол жүрүп, калаага кире бериште бир куудай сакал карыя тилемчиге кезигет. Бирок ага тыйын бербейт да, өтө берип, кайра кайтканда, тилемчи дагы «оомийин» дейт. Бирок хан өтө түшүп кайрылып келет да: — Сен экини онго неге сатпайсың? — деди. — Мен сатар элем тиркичим жок, тишим жок — деди. — Жашыңдан бери тууган жоксуңбу? — деди. — Үч тууп, үч сүрүндүм — деди. — Эмесе акмакка арзан болбо — деп жасоолдору менен бастыра берди. Эки жасоол: — Ханым, кандай сүйлөштүңөр? — деп сурайт. — Эй, акмактар мен силерден жашырып сүйлөштүмбү, үч күнгө чейин таппасаңар башыңарды алам — деди хан. Вазирлер таба алышпайт да, карыяга эки эрдин кунун берип, баягы табышмак сөздү айттырып алат да, ханга айтышат. Эртеси хан жалгыз бастырып тилемчиге келет. — Арзан болдуңбу, кымбат болдуңбу? — дейт хан. — Кымбат болдум — дейт тилемчи. — Эх, болуптур — деп, хан бастыра берет. Хан менен тилемчи эмне деп сүйлөшкөн? «Сен экини онго сатпайсыңбы» дегени, «эки ай иштеп, он ай жатпайсыңбы» дегени. «Тиркичим жок, тишим жок» дегени, «карып-арып калдым» дегени. «Тууган жоксуңбу?» дегени, «балачакаң жокпу» дегени. «Үч тууп, үч сүрүндүм» дегени, «үч аял алып, үчөө тең бала-бакыралуу болгондо өлдү» дегени. «Акмакка арзан болбо» дегени, «менин эки вазиримден кымбат алып айтып бер» дегени. «Кымбат болдуңбу?» дегени, «эки вазирден кымбат алдыңбы?» — дегени.

Сан атооч катышкан табышмактар

Мурун, мурун бир заманда кандын жалгыз кызы бар эле. Анын сулуулугу перинин кыздарына тең эле. Бул кыз караңгы түндө кай жакка карап жатса, калк «ошо жактан күн чыктыбы?…» деп калар эле. Бул кызга үч жигит тең ашык болду. Кыз үчөөнү тең көрдү. Анан үчөө тең «мен аламын, мен аламын» деп талаш кылды. Кыз айтты: — Өнөрүңөр ашканыңарга тиемин — деди. Бул үч жигит чет падышалыктарга жаан кезип жөнөдү. Булар бир канча жыл дүйнө кезип жүргөндөн кийин, бири өлгөндү тиргизер илеген тапты. Бири дүйнөнүн ар жагын тең көрсөтөр күзгү тапты. Бири көз ачып жумганча дүйнөнү айланып чыгар төө тапты. Анан кийин баары бир жерде чогуу сүйлөшүп олтурушса, күзгү тапкан күзгүсүнө карап: — Кандын кызы өлүптүр — деди. Анда төө тапкан: — Жүргүлө менин төөмө минип жаназага жетип баралы — деди. Андай болсо макул экен деп, үчөө тең аттанып жүрдү. Көз ачып жумганча кандын сарайына келип түшүштү. Кызды жуумак болуп жаткан экен. Анда өлгөндү тиргизер илеген тапкан жигит ошо илегенге олтургузуп жуугула деп илегенди бере койду. Кыз-аял дебей жабылып жууй баштаган эле, кыз тирилип тура келди. Кан бул жигитке кызын бермек болду. Анда эки жигит жагында талаш болуп топтогон бийге салмай болду. Бийлер эч кайсысына буюруп бере албады. Бул кызды булардын кайсысына бересиз?

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир жерден сүйлөп, миң жерге угулат.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бийчи бирөө, эчкиси экөө.

Сан атооч катышкан табышмактар

Ичи бирөө, ичегиси экөө.

Сан атооч катышкан табышмактар

Бир адамдын үч буту бар.

Сан атооч катышкан табышмактар

Конгондо кооз, Көчкөндө бооз.

Сан атооч катышкан табышмактар

Кат-кат тону бар, Ичи толо кени бар.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Өзү ак, сөзү кара.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Там үстүдө терек, Ону кесмекке эр керек

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Өзү сүйлөбөйт, Бирок кишиге акыл үйрөтөт.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Бир коктуда миң чаар ат.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Жылга толгон чаар ат.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Кирди да чыкты, Көзүнүн жашын төктү.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Актан карага сайганы — сайма, Ийне-жиби кайда?

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Өзү аппак жазылат, Жер түбүнөн казылат.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Короо ак, кой кара.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Короосу — ак, кою — кара. Койчусу — ырчы, таягы — ача.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Коюм кара, короом ак, Таягым учтуу, тилим так.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Быягы зоо, ал жагы зоо, Ортосунда шыңгыр зоо.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Аягы жок, жүрөт, Тили жок сүйлөйт

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Бири кем отуз.

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Үйдө олтуруп дүйнөнүн төрт бурчун көрөт

Окуу-билим жана ага керектүү Буюмдар

Кичинекей текечер Аягы менен суу ичер.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кичинекей чымбаш, Жерге тийсе сынбас.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Көлөкөсү көйкөлгөн, Көк шиберде жайкалган.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Чачаланган башы бар Коймолжуган ашы бар.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Абдыкалык — мойну салык.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Бою бир карыш, Сакалы миң карыш

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Бою бир карыш, Сакалы эки карыш.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жерден чыгат шып-шып, Эки кулагы типтик

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Азамат акем ичкери, Сакалдары тышкары.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Ак төөм асманга карап суу ичет.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Барат-барат, Башы ийрейип калат.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кат-кат тондуу, пастек бойлуу.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Өзү кичине келин Чачпагы ийге узун.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Үн баскан, айланасын жүк баскан.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Адырашман актады Ак төөгө жүктөдү.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жер тагида желер таш.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Сексен күнү сабакта, Токсон күнү табакта.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Көк улагым көгөндө туруп семирет.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Териси калың, жүнү жок.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кашкардан келген пил, Жонунан жоон кайыш тил.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Маңдайыда жыртышы, Тамагыда кыртышы.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Ары кызыл, ары таттуу Жеген жанды таңыркатты.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Тышы көгөрөт, Ичи кызарат.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Аласа гана бою бар Алты кабат тону бар.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Бепбелекей бою бар, Жети кабат тону бар.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Пастек бойлуу Тогуз тондуу.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жер астында алтын казык.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Өзү бир карыш Сакалы миң карыш.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Сары боом ичкери, Сакалы тышкары

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Сарыбай акем илгери Сакалдары тышкары.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Айымчасы ичкерде Чачымчасы тышкерде.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жер астында жаткан эт.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жер астында кызыл эт.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жерге чексе көөмп койдум.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жерге чокчо гөш койдум.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Үстү жашыл, Асты кызыл, Жерде өсөт.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кичинекей кызым бар, Көчүгүндө кылы бар.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Энеси ийри-буйру, Баласы шекер-шербет.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Энеси ийри-буйру, Баласынын тили ширин.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жазындагы гүлистан, Кышындагы гөристан.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жерден чыгат жалманып, Сагактарын байланып.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Өзү көгөрөт, башы тегерек.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Башы күндү ээрчиме, Төлүн багат бетине.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кырк тону бар, Бир да бүчүсү жок.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Пас-пас бою бар, Мала тону бар.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Ай талаада туулган, Тамагынан буулган.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Токсон кабат тону бар Тоголок келген бою бар.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Ун, ундун үстүндө устун.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Бир кап ун, Ун ичинде устун.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жерден чыгар арып, Супурасын жайып.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жер алдында төлдөгөн, Төлүн өзү бөлбөгөн.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Өзү семиз майы жок, Териси бар сөөгү жок.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кичинекей текечер, жата калып суу ичер.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кичинекей чебичим, аягы менен суу ичет.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кичинекей ырбыгый.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Талаада кырк кыз бар, Кыркы да ичи жарык.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Ундан ак, Кардан жумшак.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Бир түп мыя, Он эки кыя А дүнүйө, бу дүнүйө.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жайында карарып чыгат, Күзүндө агарып бышат.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Ак тоом ары ашты, Кара тоом бери ашты.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Ар тарабы таш, Ортосунда бышкан аш.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жыгач сандык тоголок Ичи толо аш болот.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Оягы жантак, Быягы Орто жери сары як.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Туюк челегимдин ашы таттуу.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Асты таш, үстү таш, Орто жеринде бышкан аш.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кичине гана кутуча, Ичи толо мукуча.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кичине текче, ичи толо мыкча.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Өзү текче, ичи толгон мыкча.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Сырты бирөө тоголок, Ичинде миң сан томолок.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Сырты толгон кутучак, Ичи толгон топучак.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Асты такта, Үстү такта, Орто жери жашыл бахта.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Асты таш, үстү таш, Орто жери жашыл таш.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Көк улагым көгөндө жатып семирет.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Союп жатам, жаны жок, Эти кызыл, каны жок.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жер алдында төлдөгөн, Төлүн өзү бөлбөгөн.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Башы күндү ээрчиме, Төлүн багат бетине.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Жер астында алтын казык.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Асты таш, үстү таш, Орто жери жашыл аш. (Мисте)

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Кап, каптын ичинде ун, Ундун ичинде устун.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Үлбүрчөккө кан куюп, Үйлөп талга байладым.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Сырты бирөө тоголок, Ичинде миң сан томолок.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Үпүлдөккө кан куюп, Үлөй талга байладым.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Тааладан чаар сызыктуу топ келди.

Огород жана бакча өсүмдүктөрү

Ичи ичинде, ичегиси тышында.

Музыкалык аспаптар

Даңгыр жолдо үч жорго.

Музыкалык аспаптар

Акырда ак мончок ойнойт.

Кыска табышмактар

Бийчи бирөө, эчкиси экөө.

Кыска табышмактар

Ичи бирөө, ичегиси экөө.

Кыска табышмактар

Кырга кылыч каттым.

Кыска табышмактар

Кырга чылым каттым

Кыска табышмактар

Бир адамдын үч буту бар.

Кыска табышмактар

Узун терек саясы жок.

Кыска табышмактар

Өзү узун, көлөкөсү жок.

Кыска табышмактар

Үнү жаны жок.

Кыска табышмактар

Жүк алдында кумалак.

Кыска табышмактар

1. Эки күн катарынан жамгыр жаашы мүмкүнбү?

Кызыктуу логикалык суроолор

Кандай идиштен тамак иче албайбыз?

Кызыктуу логикалык суроолор

Аны жерден көтөрүү оңой, ыргытуу кыйын.

Кызыктуу логикалык суроолор

Сүрөттө кайсы стаканда суу көп?

Кызыктуу логикалык суроолор

Кайсы айларда 28 күн бар?

Кызыктуу логикалык суроолор

Жумулган көз менен эмнени көрсө болот?

Кызыктуу логикалык суроолор

Отуз эки жоокердин бир командири бар.

Кызыктуу логикалык суроолор

Кандай идиштен эч нерсе жегенге болбойт?

Кызыктуу логикалык суроолор

Короз өзүн канаттуу дей алабы?

Кызыктуу логикалык суроолор

Эң чоң казанга эмне батпайт?

Кызыктуу логикалык суроолор

Кулагы бар жалгыз канаттууну атаныз?

Кызыктуу логикалык суроолор

Космонавт космостон эмнесин жоготот?

Кызыктуу логикалык суроолор

Бар десе, барбас, Барса келбес.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Ичкиңгиси тышкары, тышгыңгысы ичкери.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Жүндүүмө жүнсүзүм [оронду].

Кийим-кечелер, кооздуктар

Буту жок, колу бар, Башы жок, ийни бар.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Кулагы бар, эп келет, Кийсем, төп келет.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Алдыма аркан тарттым.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Заар менен эки жолго кирдим.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Күндүз бооз, түндө кысыр.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Каркыра жолу кайык, Турна жолу туюк.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Күндүз ток, Түндө ач.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Жаш бала бир кийүүгө кумар.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Заарда тигет Кечинде сөгөт.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Барат-барат, оозу ачылып калат.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Таптап басат, карап туруп калат.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Керегеде кедей шалпык.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Керегеде кекилик муунат

Кийим-кечелер, кооздуктар

Каалгага камчы илдим

Кийим-кечелер, кооздуктар

Жалама тоодо жалгыз ыргай калтырайт.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Жездемдин үйү жез кырчоо.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Кичинекей бою бар, Кешенеден куру бар.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Тамга таяк сүйөдүм.

Кийим-кечелер, кооздуктар

Чатыр-бутур, чийден котур

Кийим-кечелер, кооздуктар

Узун убары Учундагы желеги

Кесип, кол-өнөрчүлүк

9Тоодон токум ыргыттым.

Кесип, кол-өнөрчүлүк

Балта урдум терекке.

Кесип, кол-өнөрчүлүк

Бели бүкүрү, алыска түкүрү.

Кесип, кол-өнөрчүлүк

Бүкүр бээмдин кулуну күлүк.

Кесип, кол-өнөрчүлүк

Кумган, бир көзүн жумган

Кесип, кол-өнөрчүлүк

Караңгы үйдөн түтүн чыгат

Кесип, кол-өнөрчүлүк

Оймоктой жерден от чыгат

Кесип, кол-өнөрчүлүк

Теңгедей жерге күн тийбейт.

Кесип, кол-өнөрчүлүк

«Шырт» этти, шырданга жетти.

Кесип, кол-өнөрчүлүк

Жылт этти, Жылгадан ашты

Кесип, кол-өнөрчүлүк

Сойсо каны жок.

Идиш-аяктар

Букардан келген мунаажын, Куйругу чолок кунаажын.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жер астында жорголок семиз.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Үй ичинде болпок семиз.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Дүүр-дүүр дүрүлдөйт, Жер астында жүгүрөт.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жерден жик чыгат, Эки кулагы тик чыгат.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Такта астында жүгүргөн Музоо кашка тикилдек

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Декчеме-декче, Назаркул бачча.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Түгү жокко түгү бар кирип кетти.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Эй-эй десең качып чыгат, Кенчир капты тешип чыгат.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Эй-эй сенин жортушуң, Ала таар жыртышың.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Эл жатса да, Эсенбай чунак жатпайт.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Шылдыр-шылдыр жүгөнүм, Шыпты кара кунаным.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Бир кушум бар куйругу бажак-бажак.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Алдымда алача жип жатат.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жол боюнда токоч жатат.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жол четинде майлуу кайыш.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жолдо майлуу токоч жатат.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Талаа бети көк соймок, Таяк келет соймоңдоп.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Талаага таяк көмдүм.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Талаага таяк ыргыттым.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Таноого таяк сойлоттум.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Чий түбүндө чылгый кайыш.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Талаадан таяк ыргыттым, Тоодон токум ыргыттым.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Асты жылма, үстү жылма Ортосунда кызыл кыйма.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Башы бар да, чачы жок, Көзү бар да, кашы жок.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Букардан келген буурачам, Мурдун тартпай суу ичет.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Канаты бар, куш эмес, Суу түбүндө таш эмес.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Бугу жок ойнойт, Буттуудай сойлойт.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Колу жок, ойнойт, Буту жок, бирок сойлойт.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жандуудан тилсиз, Жансыздан гүлсүз.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Сууда Сулайман семиз Отто Алыйман семиз.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Атам — дүпүлдөк, Энем — күлүк, Эжем — ырчы.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Алды-артында эшиги бар, Капталында тешиги бар.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Асты зороң, үстү зороң Ортосунда Байназар чороң.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Асты — таш, Үстү — таш. Орто жери — Жалпак баш.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Асты — таш, үстү — таш, Орто жери жалпак таш.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Асты — таш, үстү — таш Ортосунда гүлдүр баш.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Үстү — таш, асты — таш, Пайгамбарым — таразакеш.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Өзү бакыр, Башы такыр.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Кечинде үнү бар, Күндүз үнү жок.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жатам-жатам жарыкта, Жазда чыгам арыкка.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жаткан жери чалчык суу, Жүргөн жери ызы-чуу.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Көлдө жатып өбүшмөк.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Өзү чөлдө, Көзү көлдө

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Оргочордо от күйөт, Ысык-Көлдө ит үрөт.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Сасык көлдө ит үрөт.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Ысык-Көлдөн ит үрөт.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Бакак-бакак үн салып Суу ичинде уктаган.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жазда жаагы тынбаган, Кышта бир да иш кылбаган.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жер астында борколдой семиз.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жер түбүндө жездекемдин аты кишенейт.

Жер-сууда жашоочулар, сойлоочулар

Жер жылат, асман көчөт.

Жер-суу, тоо-таш

Жүгүрүп жетпес.

Жер-суу, тоо-таш

Өзү узун, көлөкөсү жок.

Жер-суу, тоо-таш

Өзү бар, көлөкөсү жок.

Жер-суу, тоо-таш

Өзү ток, көлөкөсү жок.

Жер-суу, тоо-таш

Жер үстүндө чачы, Жер астында башы.

Жер-жемиштер, жашылчалар

Көк улагым көгөндө жатып семирет.

Жер-жемиштер, жашылчалар

Жер астында алтын казык.

Жер-жемиштер, жашылчалар

Тааладан чаар сызыктуу топ келди.

Жер-жемиштер, жашылчалар

Суу качан тик турат?

Жаратылыш кубулуштары

Кыпкызыл алма, Эр болсоң карма.

Жаратылыш кубулуштары

Чилдиң бут чий казат.

Жаратылыш кубулуштары

Чык этти чыгып кетти.

Жаратылыш кубулуштары

Жетим бала жер чукуйт.

Жаратылыш кубулуштары

Чолок мылтык жер тешет.

Жаратылыш кубулуштары

Кыдың чолок жер каздайт.

Жаратылыш кубулуштары

Чычкан ийниге киргенде «ың» дейт.

Жаратылыш кубулуштары

Жапкара таш жарылат.

Жаратылыш кубулуштары

Тоо борунда кылыч жаркылдайт

Жаратылыш кубулуштары

Колу жок, буту жок, Дарбаза жок.

Жаратылыш кубулуштары

Эшик ачар, ээси качар.

Жаратылыш кубулуштары

Көзгө көрүнбөйт, Ийнеге илинбейт.

Жаратылыш кубулуштары

Көзгө көрүнбөйт, Ийинге илинбейт.

Жаратылыш кубулуштары

Жетсе, жеткен жерин желпип кетет.

Жаратылыш кубулуштары

Такырчаң жерде таз ойнор.

Жаратылыш кубулуштары

Он эки жылда бир балалайт.

Жаратылыш кубулуштары

Асманда айры жыгач

Жаратылыш кубулуштары

Буту жок, басат, Канаты жок, учат.

Жаратылыш кубулуштары

Көк көйнөккө пахта жайдым.

Жаратылыш кубулуштары

Оро-оро, ичи толо шоро.

Жаратылыш кубулуштары

Талаага талкан чачтым.

Жаратылыш кубулуштары

Жатып-жатып жазында арыкка кирди.

Жаратылыш кубулуштары

Жатып-жатып жазында ийинге кирет.

Жаратылыш кубулуштары

Отко күйбөс, Сууга чөкпөс.

Жаратылыш кубулуштары

Жүрө берет жок болбойт.

Жаратылыш кубулуштары

Көмсө көмүлбөс.

Жаратылыш кубулуштары

Чапса чабылбайт, Кессе кесилбейт.

Жаратылыш кубулуштары

Бир эчким бар кыя-кыя жол баштайт.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Белинде бел боо, Башында үкү тумагы бар.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Жым-жым, жым кийиз Жымылдаган ак кийиз.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Узун бою бар, Курама тону бар.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

«Кудайымдын» келини Куру бекер жүгүнөт.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Узун терек, ичи көвөк.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Жайдын күнү кийгенин, Кыштын күнү чечинген.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Бир арыктан кырк кой суу ичет.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Жыл сайын узара берет Ал имаратка керек.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Жыл мезгилин ылгабас, Кыштыр-жайдыр кургабас.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Суу ичүүнү сүйбөгөн, Куураганды билбеген.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Жазында жарыкка келди, Күзүндө үшүп өлдү.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Кышында көрүнбөй калат, Жазында көгөрүп алат.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Медет аке башында, Макмалдан кызыл такыя.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Талаага килем жайдым.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Узун-узун узарат, Башы муштумдай болуп кызарат

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Бармактай жерге май каттым.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Жерден жик чыкты, Эки кулагы тик чыкты.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Учарымды жел билет, Конорумду жер билет.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Табышмак, табышмак, Тал түбүгө жабышмак.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Жол боюнда бай-бай чунак,

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Чокою барды сыйлашат Жыңайлакты ыйлатат.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Эрбегей-сербегей, Эшик ачып кирбегей.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Үлпүлдөккө кан куюп, Үйлөп талга байладым

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Тырмаак кыз, Ыйлаак кыз, Чыргаак кыз.

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Ийип кетип сүт берет, Байып кетип дан берет

Жапайы өсүмдүктөр, бак-дарактар

Узун сайда уй мөөрөйт.

Жапайы айбанаттар

Бою бастек, Көзү тосток.

Жапайы айбанаттар

Төрт буттуу, Төөдөн күчтүү.

Жапайы айбанаттар

Отуз тоок, беш улар.

Диний түшүнүктөр

Отуз уук, беш бакан.

Диний түшүнүктөр

2504 табышмак табылды