Табышмактарга кайтуу

Бир байдын койчуманынын ашкан сулуу аялы болгон экен. Бай «Жакшы аял койчуманга ылайык эмес» деп ыраа көрбөй, тартып алмакчы болуп табышмак айтат: — Таба албасаң катының меники, таап алсаң беш жүз кой сеники — дейт. Кантмек эле, койчу макул болуптур. — Бир коонду он эки тилсе болот, он бир тилимин жесе болот, бир тилимин жебесе болот, бир тилимин жеген кишини мусулман дебесе болот — дейт бай. Он эки күн мөөнөт бериптир. Он күн ойлонуп таппай, жигит арыктап бүтүптүр. Он биринчи күнү аялы: — Эмне арыктап кеттиң? — деп сурап калат. Жигит бай менен болгон окуяны айтып берет. — О, кокуй десе, анын жарасы жеңил — дейт аялы. Анан күйөөсүнө табышмактын жандырмагын айтып берет. — Бир коон дегени — бир жыл; он эки тилим дегени — он эки ай; он бир тилим жесе болот дегени — он бир ай ооз ачык болот, бир тилимин жебесе болот дегени — бир ай ичинде орозо кармабаган кишини мусулман дебесе болот — дептир.

Сан атооч катышкан табышмактар

Жооп

жооп жок