Табышмактарга кайтуу

Асмандан бийик эмне? Суудан терең эмне? Октон күлүк эмне? Уудан ачуу эмне? Кардан муздак эмне? Оттон ысык эмне? Казана деген эмне? Мүлк деген эмне? Эр эгиз деген эмне? Эмгектүү жалгыз деген эмне?

Сан атооч катышкан табышмактар

Жооп

— Асмандан бийик — текебер. — Суудан терең — окуу. — Октон күлүк — санаа. — Уудан ачуу — жокчулук. — Кардан муздак — калган көңүл. — Оттон ысык — жан. — Көпчүлүк калк. — Кадыр-көңүлү калбаган сөөк. — Бирин бири сыйлаган, эли-журтуна пайдасы тийген аял-эркек. — Бири биринен ажырашып калган аял-эркек