Табышмактарга кайтуу

Бир хандын кызын дагы бир хандын уулу алмак болот. Анан отуз күнү той берет. Дүнүйө-тамашанын баарын жасайт. Эр да сайыштырат, төө да чечтирет. Анан өргөсүн көтөрүп, тойду таратып жөнөтө турган болот кызды. Ошондо кыздын атасы оолугуп кетип мындай деген табышмак айтат: — Он ит, жыйырма карышкыр, отуз жолборс, кырк аюу, элүү өгүз, алтымыш аркандаган ат, жетимиш үч буттаган ат, сексен жумуртка, токсон торгой. Ушул табышмакты тапсаңар кызымды алгыла, таппасаңар бербейм, — дейт. Бул табышмакты эч ким таба албай, сегиз ат коштоп киши алдырат. Келген киши мындай деп чечкен экен: — Он — ит: он жаштагы бала, итче ыркырашып турбайбы. 20 — карышкыр: карышкырдай тытышып, жулкушуп турбайбы. 30 — жолборс: отузунда жолборстой эле алдуу-күчтүү болот да. 40 — аюу: кыркында кандай болбосун бастап калат го киши. 50 — өгүз: элүүсүндө өгүздөй жоош тартып, муңайып калат да. 60 — арканданган ат: алтымышка чыкканда аттай болуп калат да. 70 — үч буттаган ат: үч буттаган дегени, үч буттап тушап койгон аттай болалбай каласың дегени. 80 — жумуртка дегени: 80 деги кезде жумурткадай чайкалып калбайбы. 90 — торгой дегени — торгойдой эле сайрап калбайбы. Ошентип кызын берген экен

Сан атооч катышкан табышмактар

Жооп

жооп жок