Илгери бир хандын кызы болгон экен. Бул кыз турмушка чыгуу үчүн хандын элин бүт жыйдырат. Хандын кызы келген элге: — Менин бул табышмагымды ким тапса, мен ошол жигитке тиемин — дейт. Жыйылган элдин ичинде бир молдо жигит табышмакты табууга макул болот. Кыз табышмагын айта баштайт. Кыз: Молдо торгой, боз торгой Канатында каты бар. Кармап алып сайраткан, Кайсы-кайсы байгамбар? Молдо жигит: Молдо торгой, боз торгой Канатында каты бар. Кармап алып сайраткан — Ибраим байгамбар. Кыз: Төбөдөгү төрт жылдыз, Баткан жери кайсы экен? Төрт чалыяр биригип, Жаткан жери кайсы экен? Молдо жигит: Төбөдөгү төрт жылдыз, Баткан жери — кыбыла. Төрт чалыяр биригип, Жаткан жери — Медина. Кыз: Жатып калган жыгачка, Жан киргизген ким болду? Молдо жигит: Жатып калган жыгачка, Жан киргизген — кыякчы. Кыз: Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган ким болду? Молдо жигит: Кумурсканы кой кылып, Кумга жайган — куу шайтан. Кыз: Чегирткени ат кылып, Чертип минген ким болду? Молдо жигит: Чегирткени ат кылып, Чертип минген — куу шайтан. Кыз: Көпөлөктү куш кылып, Көндүрүп жүргөн ким болду? Молдо жигит: Көпөлөктү куш кылып, Көндүрүп жүргөн — куу шайтан. Кыз жеңилип, жигит менен турмуш курган экен.
Сан атооч катышкан табышмактарЖооп
жооп жок