Табышмактарга кайтуу

Жеңижок: Баятан айткан сөзүмө Капа болбо чырагым, Жүрөгүңдү чыгарып, Бир аз сени сынадым. Өйдө өтөт көк дөбөт, Ылдый өтөт боз дөбөт, Эки дөбөт айрымын Акыл менен ким бөлөт? Барпы: Өйдө өткөн көк дөбөт Амал болот, Жеңижок. Ылдый өткөн боз дөбөт Шамал болот, Жеңижок. Муну Барпы билбесе, Жаман болот Жеңижок. Жеңижок: Дүнүйөдө бирөө бар, Турбай кетет жолунан. Бөлөк жакка өзүнү Бурбай кетет оңунан, Бул эмне болучу? Барпы: Өзүң айткан касиет Адашпаган оңунан, Тайгылбаган жолунан, Күндүн өзү, Жеңижок. Шуну чечпей такалса, Болбойбу Барпы эби жок! Жеңижок: Кыйын жерде көз билген, Кысталышта сөз билген, Калышпайсың, карагым, Ак таңдай акын эстүүдөн. Ошо, Күндөй жүргүн жолуңда, Акындык салттын оңунда…

Сан атооч катышкан табышмактар

Жооп

жооп жок