Табышмактарга кайтуу

«Бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз дейм. Тогуз күнү тогуз чанач жуурат, 9 кой союп берейин, тапсаң ал сеники, таппасаң меники» дейт өзүнүн жалчысынын аялына кызыккан бай. Табышмакты аялына жана элге айтат. Кээ бири 1 деген — бит, 2 деген — эмгек, 3 деген — үшкү, 4 деген — төлгө, 5 деген — белги, 6 деген — аркар, 7 деген — жээрен, 8 деген — серке, 9 деген — торко дешет. Карыялар муну аялына айтат. Байга айтам деген экөө талашып жатканда, конок келип калат. Конок «мен айтам» дейт. Эртеси азанда бай жандырмагын угууга келди. Конок: — Бир деймин — «бир кудаанын аты» деймин. Эки деймин — эки киши бир төшөктө жатса тоңбос деймин. Үч деймин — үч буттаган ат эки жакка кетпес деймин. Төрт деймин — төрөлүү жигит журтунан азбас деймин. Беш деймин — кайберен… эки жакка кетпес деймин. Алты деймин — алты атанга жүк артсам муңбасмын деймин. Жети деймин — жетисинен тогобой жесе билбес деймин. Сегиз деймин — күндө семиз ат минсем эрикпесмин деймин. Тогуз деймин — тогуз күнү тогуз чанач жуурат ичип, 9 кара кой союп жеп тапкан табышмагымдыр деймин.

Сан атооч катышкан табышмактар

Жооп

жооп жок