Ырларга кайтуу
УЧКАЯК БОЛГОН БАЛАПАН
Кыргызча
Учкаяк болгон балапан Учуп келди жаныма. Ичине дептер катылган Китеп кап койду алдыма. Бирден алып окусам, Чотурбайдын колу экен, Тайраң-туйраң эткизип Шашып жазган жолу экен. Белгилерин санасам, Жалаң «2» «3» экен, Орус тилден катасы Калп айтпайын, жүз экен. Башымды чайкап: «ай, айлап», Отуруп калдым шол жерде, Уят, Уят, Уят деп, Балапан учту мектепке. 12/XI 1946 Чолпон-Ата