Ырларга кайтуу
КИТЕПТИН ДУШМАНЫ
Кыргызча
Ким китепти кирдетсе, Китеп баркын билбесе, Жулуп алып барагын Орой койсо бир нерсе: Ал китептин душманы. Ким китепти сүйбөсө, Кадырына күйбөсө, Чылым ороп шарт айрып, Калжың-кулжуң сүйлөсө: Ал китептин душманы. Ким китепти кордосо, Ырайымы болбосо, Сүрөттөрүн уурдаса, Уурдап көнгөн колдорчо: Ал китептин душманы. Бардыгынан ким жаман? Китеп жырткан шум жаман, Китепти сүйгөн балдардан Наалат алсын ал адам, Ким китептин душманы? 20/ХI 1946 Чолпон-Ата