Ырларга кайтуу
ПИОНЕР ЫРЫ
Кыргызча
Оттой күйгөн жалындап, Биз: Баатыр элдин пионерлери! Ленин жолун кирдетпес, Биз, Келечектин ээлери! Суудай аккан шарылдап, Биз Эркин элдин пионерлери! Ленин жолун кирдетпес, Биз Болочоктун ээлери! Аткан октой жалтанбас, Биз: Большевиктин эр балдары! Ага жогун жоктотпос, Биз Болочоктун солдаты. Кубанычка кулпунган, Биз Сонун элдин пионерлери! Коммунизм куруучу Биз Коммунизм ээлери! 20/XI 1948 Чолпон-Ата