Ырларга кайтуу
КАШАБАҢ
Кыргызча
Арстан айтат «мен эр» деп, Анда: Кабылан чыгат бакырып, Анда да эмес, мында эмес, Чынында: Карышкырда баатырлык. Качырганын кайсаган Мунун: Кулк-мүнөзү жакшы эмес, Жалгыз-жарым адамга Кашабаң: Кол салуудан каршы эмес. Капканга түшсө жаңылып, Ал: Үн чыгарбайт каңкылдап, Чабылып калган тарабын Кемирип жеп алат да, Бошонуп Кете берет заңкылдап. Карышкырдын тукуму аз, Себеби: Өмүрүндө бир тубат. Тууган кезде жатынын Кайра өзү — Жеп алат дейт бу чунак. Колго түшсө кокустан, Адамзат: Кандай кордук иштетбейт! Капаска салып тирүүлөй, — Терисин тетир сыйырса: Ошондо: Канын тартып бүлк этбейт, Терисин сыйрып тирүүлөй, Анан — Жылаңач коё бергенде: Чуркап барып көп жерге Ошондо да жыгылбай Чочоюп, Олтуруп өлөт эр неме! Тайбас, илбирс деген бар, Баянжабыр берен бар, Кимиси: «Мен баатыр» деп мактанбайт! Баары келип чынында Чын баатырлык жагынан: Кашабаңа жете албайт. 13/XI 1948 Чолпон-Ата