Ырларга кайтуу
ЧИЛДЕ
Кыргызча
Жердин жарык бетине, Биринчи чилде келгенде, Баарыдан мурда жолугуп: Уй, кой, жылкы жана төө Төртөө көрүп калыптыр Жоготуу керек чилдени Мунун катуу киргени, Жаман экен билгени, Дешип акыл салыптыр. Кана муну ким басат? Деп масылат кылганда: Мен басайын курдаштар, Деп өтүнөт жылкы анда! Жок, сеники туура эмес, Уй баарыдан аксакал, Биринчи жол уйдуку, Бар чилдени басып кал! Уйга буйрук берген соң Мына ушундай деп чечип: Мактангансып уй мырза Жер үстүнөн чилдени Жоготомго дегенсип, Жүгүрүп келип алыстан Баскан кезде, Чилде акең Тилигинен туяктын Чыга качты бурт этип. Кап, мен бассам чилдени, Жердин жеткен түбүнө — Житкире басат элем деп, Жылкы ыйлап алыптыр, Уйдан кетип чалалык Ошол күндөн ушул күн Чилде — Жер үстүндө калыптыр. 13/XI 1948 Чолпон-Ата