Ырларга кайтуу
***
Кыргызча
Баланын эне өбөгү, Эненин бала жөлөгү. Жигиттикке жеткиче, Баласы — Энеден жапа көрбөдү, Карып кетти энеси, Эринин — Көп болсо керек өлгөнү, «Ушундай кылсам энекем Кечер бекен ак сүтүн» Деп баласы, энесин — Мекеге — Жөө көтөрүп жөнөдү. Бара жатты шартылдап, Кээде — Чапкан атка теңеле: Жолуга калып бир адам, Калаадан чыга бергенде: Э чырагым, бул эмнең? Энем болсун, өз энем? Жол болсун? Кечеби деп ак сүтүн, Мекеге жете бармакка Үйдөн чыга жөө келем. О акылы жок, кем неме Сен бала экенсиң дагы эле, Арылам десең күнөөдөн: Кадыр билер эмгектеш Эр таап бер энеңе! Баласы, Энесин ыргытып ие жаздады: Энеси: А…а… айланайын Аны билчү уул кайда? Дегенде. 17/XI 1948 Чолпон-Ата