Ырларга кайтуу
***
Кыргызча
Аялына күйөөсү, Ачуулана калганда, Каяша айтчу аялы: Актыгыма антым бир — Ок аттаймын, тап, кана! Ишендирчү күйөөсүн, Таттуу сүйлөп эбиреп. Каргана койчуу, жаңылсам — -«Атам эрим болсун» деп. Айтканына ишенип, Чынында аппак ой менен, Бир күнү келип күйөөсүАялын туштан шаштырат. -Бол сыртка чык, иш жаман Тиги айылда: Бирөө ок аттоого чакырат. Чуркап чыгып аялы, Күйөөсүнө учкашат, Чын пейилден күйөөсү: Тез жетели деп шашат. Мингени жорго ат болуп, Орто жолго келгенде, Бир кечмеден жаңы эле Шартылдап өтө бергенде: Аялы айтат эрине: Я, берекем! Ок аттай турган аял: Бир жаңылып койсо, Эчтеке болбойт дешет ээ… -Эчтеке болбойт деп эри, Чу! — дейт атын темине. Жайылган малдар көрүнүп, Айылга кирип келгенде: Орто суудан шартылдап Эми кече бергенде: Аялы айтат эрине: -Я, берекем! Ошол ок аттай турган аял: Эки эле жанылып койсо, Эчтеме болбойт дейт ээ… -Ооба, — дейт да күйөөсү, Чу! — дейт атын темине. Ок аттай турган айылга, Жете кирип келгенде: Чоң кечмеден шартылдап Кечип өтө бергенде, Аялы айтат эрине: -Я, берекем! Тиги, ок аттай турган аял дейм, Үч эле жаңылып койсо, Эчтеме болбойт дейт ээ… Белгилүү го андан соң, Эринин берер жообу эмине?… 17/ХI 1948 Чолпон-Ата