Ырларга кайтуу
***
Кыргызча
Өңгө жалган, өлүм ак, Өлүмдүн адил бийлиги, Аябайт асыл жаныңды, Карабайт алтын киймиңди. Бактылуу барат баш ийип, Мансапкор барат үшкүрүп, Аракеч барат темтеңдеп, Асмайчы барат чүчкүрүп. Ошондо: Жаакка чуу дедире бир коюп Үңкүр-накир жаракун Сурагына алганда, -Эй, күнөкөр, ойгон деп Күрсү менен салганда. Асмайчы: Тура калат селт этип, Сезилбей, Келген өлүм, жаткан көр, -Мен чатагыңды билбеймин, Келе, Бир атым асмай бере көр. 17/XI 1948 Чолпон-Ата