Ырларга кайтуу

***

Кыргызча

Чыр, талаш, октуу, оттуу күндөр бүтсө,
Кең уктап, кең ойгонгон мезгил келсе,
Нечен жыл катуу ойлоп мээлери ооруп,
Каржалган акылдуулар жеңилдешсе, —
Болотту колуң менен кармап көргөн,
Бейиштей эң укмуштуу убак жетсе,
Жер жүзү бир атанын баласындай,
Чакырып бирин бири мейман этсе.
1/ХI 1939