Ырларга кайтуу
НАСЫЯТ
Кыргызча
Созу: Токтогулдуку Обону: М. Касейдики Дениң соодо эринбей, Бекерликке берилбей. Эркиң менен жумуш кыл, «Эринчек жалкоо» – дедирбей. О, деги, эринчээк жалкоо дедирбей. Ырыс алды ынтымак, Ыгын таап кол кармаш. Билими бар азамат, Бири-бириңе жардамдаш. Дайыма бири-бириңе жардамдаш. Жашооңдо жаркын өнөр тап, Кор кылбай асыл жанды бак. Эрдин көркү эл менен, Эмгегиң менен элге жак! Ар убак эмгегиң менен элге жак!