Ырларга кайтуу
КЫШКЫ БОРООН
Кыргызча
Кышкы бороон жаныма дос, жаш бороон, Өмүрүмө ынтымактуу бурганак… Чырак жанган, бала ыйлаган короодон Бүркүт шаңшып учарына суранат. Алдуу бороон, алгыр бүркүт эркинен, Жаз жаралат, ошол бала түшүндөй… Күндөр келет, күндөр келет кепкенен, Күзгү бышкан ак буудайдын күчүндөй. 3/I 1947 Чолпон-Ата