Ырларга кайтуу
АСИЯ
Кыргызча
Созу: А. Файзиники Обону: И. Шамсетдиновдуку Чай ичебиз бал менен, Бала-чакалар менен. Бала-чака алты жан: Ахмет, Нажип, Закиржан, Зейнеп менен Галия, Эң кенжеси Асия. Чай ичебиз бал менен, Бала-чакалар менен. Балды жакшы көрөт ким? – Кичинекей Асия, Чынында ал кичине, Келе элек эсине.