Ырларга кайтуу
УЙДУН ТИЛИ
Кыргызча
Уйдун сүтүн ичерде, Ырайым бар биздерде Алдап-соолап чакырып: Оу, хоу, оу, хоу Оу хоу десек, Үнүбүз коңур, жумшак Сылык чыгат деги эле. Макул болот анткенге Уйдун тили жалгыз тил: Мөө… деп гана үн бере. Уй майына кирерде, Уят да бар биздерде: Бул баягы таргылдан, Таргыл баягы кашкадан, Кашка баягы маладан, Маланы миң сомго алган. Деп — Жети атасын бүт мактайбыз Тим эле. Уй бечара тим болот Айтар сөзү жалгыз сөз: Мөө… деп гана үн бере. Чөп саларга келгенде, Чөпчөңдөйбүз эң эле Чоң кепшемин кызганып: Өш ай, өш, өш Десек: Сөзүбүз өрттөй өткүр — Деги эле. Капа болот байкуш уй, Сүйлөр сөзү жалгыз сөз: Туруп калат жалдырап: Мөө… деп гана үн бере. Уй жаюуга келгенде Айдайбыз такыр жерлерге, Бул кордукка чыдабай Өңкүлдөп чуркап калганда Кара кыяк дегенге: Өлөт ал! Өлөт ал! Арам маңка! Деп сөксөк Тилибиз заар чыгат эң эле. Билген сөзү жалгыз сөз, Жүрө берет тил угуп: Мөө… деп гана үн бере. Чай бергенге май берген, Кой бергенге тай берген, Деп кубанта сүйлөгөн Биздин кыргыз март эле; Жарыктык уй канетсин, Жакшы сөздөн кем беле? Ушул кыял, ушул сыр Кырсык болуп пейилге — Тармак жайып жүрбөсүн, Тамыр салып тереңге. 1/Х 1948 Чолпон-Ата