Ырларга кайтуу
ЖАЗЫМА
Кыргызча
Кош бол жазым, Көк көпөлөк, ак казым, Ыр жаза албай, мендей жүдөп — азбасым. Антсем мейли, бирок өзүң айта жүр: Азгын көңүл, тилегимдин тазасын. Кош бол жазым, сени алыска узатам, Сенден кымбат калк ичинде мен калам. Кыйын жолдо — канча жабыр көрсөм да, Өз доорума актыгыма мактанам! Кош бол жазым, сен кетсең да биз аман, Биздин балдар, биздей болсун биларман. Жер үстүндө — ыразылык күнүмдү, Жердин жети түпкүрүнөн дей алам! Кош бол жазым, Көк көгүчкөн, ак казым, Кенен сайда дайым толо акпасым, Көз ачкандан ынак болгон жаныма Картайбаган кулун жаштуу жашташым. 12/Х 1948 Чолпон-Ата