Ырларга кайтуу
МЕН КЫРГЫЗДЫН АКЫНЫ
Кыргызча
Ким берсе да жакшы берген бактымды, Ким койсо да жаман койгон атымды, Ушакчыдан: не кылам деп сурасам, Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды! Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымы? Чайга салып жутар кезде: Заар тилин куйкалачуу Мен кыргыздын акыны! Карлуу күнү берсе керек бактымды, Аяз күнү койсо керек атымды. Ичи арамдан: не кылам деп сурасам, Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды! Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымы? Кантка салып жутар кезде: Кара көңлүн куйкалачуу, Мен кыргыздын акыны! Таш идишке куйса керек бактымды, Татты идишке куйса керек атымды, Кароолчудан: не кылам деп сурасам, Балам алсын, бекер бер дейт даңкыңды. Берем, Алсын! Сатпайм, кадыр-баркымды, Уйчу, койчу, Кетменчинин Менмин кымбат акыны. 15/Х 1948 Чолпон-Ата