Ырларга кайтуу
Куттуу болсун жаз майрамы-мартыңар!
Кыргызча
Созу: Сабыракун Сулайманов Энелер, карындаштар, айымдар, Куттуу болсун жаз майрамы-мартыңар. Көтөрүлүп маанайыңар жаркысын, Жаз айында ачылгандай жарпыңар. «Дүнүйө» деп куру, бекер наалыбай, Сак-саламат жүрүңүздөр каарыбай. Өмүрлөрдүн жашыл гүлүн кыяртпай, Жашагыла жашыл өскөн арчадай. Ыракаттуу, жашообуздун шаттуусу, Силерсиңер бул дүйнөнүн таттуусу. Жайлоодогу кызыл-тазыл гүлдөрдүн, Силерсиңер эң бир коозу, наздуусу. Айтаар сөздүн кыскасы, Силерсиңер алп турмуштун туткасы. Жашообузга жарык чачып, нур берген, Силерсинер асылдыктын устаcы.