Ырларга кайтуу
ДАГЫ АЯЛ ЖӨНҮНДӨ
Кыргызча
Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим, Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим, Жаманынан көңүлдү эзген оору алып, Жакшысынын кадырына жетпедим. Анткен менен: Колум ачык, мен кенен, Жүз кайталап дагы аялга баа берем: Аял деген: Чаалыккан көсөм — Сайдырган берен — Бактыдан тайган жигитке, Кемибеген, кебелбеген бир мекен! 21/Х 1948 Чолпон-Ата