Ырларга кайтуу
СӨЗҮ БАР
Кыргызча
Түк кайгырбайм, алсыз-чабал түрүмө, Уу тамса м, алтын сабак бүрүмө, Тирүү кезде мындай элек деп айтып… Сүйлөшүүгө жер табылбас күнүмө… Мен кетсем да: тирүүлүктүн көзү бар, Мен бүтсөм да: тирүүлүктүн өзү бар, Бирок мага табылбачуу эч качан, Тирүүлүктүн: Эң бир, эң бир Жанды ысыткан сөзү бар. 2/Х 1948 Чолпон-Ата