Ырларга кайтуу
ЭНЕ ТИЛИ
Кыргызча
Тил үйрөнүү: Жакшы көрмөк — сүймөктөн, Энем тилин жакшы көрүп үйрөткөн, Ойротто жок, оңой тил бейм, биздин тил, Бир жашымда: Ата, апа, ат, эт дегенди сүйлөткөн. Тил кадырлоо: Чын көңүлдөн сүймөктөн, Атам тилин: сүйгөндүктөн сүйлөткөн. Эрдик өнөр билим менен сүйлөшүп — Бир жүрсүн деп бир жашымда үйрөткөн. Бирге жүрөм, эне тилин кадырлайм, Бул тил менен: иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм, Башка тилди жандай жакшы көрсөм да: Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм. 17/X 1948 Чолпон-Ата