Ырларга кайтуу
ФРУНЗЕНИН ТҮНҮ
Кыргызча
Бир мен эмес, чын сүйөрүң баарыңдын: Түндөрү алтын… Түндөрү алтын, шаардын. Анда калган: күзгү сонун түндөрдү Мени өлтүрбөс эмгегимдей сагындым. Жылт жылт этип, жылдыз көлү аккандай, Куттуу бүлө кубанчына баткандай, Көк мунарык, жашыл шоокум ичинде: Ырыс көлбөп, фонтан болуп аткандай. Угулса экен, түнкү бөбөк күлгөнү, Кубанса экен, жаш бөбөктүн жүрөгү… Неге десең: Колун жайган, колун каткан бооруна, Менин шаарым, акылмандар түнөгү. 23/Х 1948 Чолпон-Ата