Ырларга кайтуу
АТА-ЖУРТ
Кыргызча
Жылуу кийин, жолун кыйын үшүрсүң, Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп… Суугунду өз мойнума алайын, Жол карайын, токтой турчу Ата-Журт! Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин, Наалат келип ат тизгинин шарт буруп… Азабыңды өз мойнума алайын, Из карайын, токтой турчу Ата-Журт! Жазда башка… Жел тийбесин абайла, Көпкө турбас, мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт! 24/Х 1948 Чолпон-Ата