Ырларга кайтуу
ТАШЧЫЛАР
Кыргызча
Колдоруна майышпаган лом алып, Таш омкоруп, арабага таш салып, Араң тарткан кош өгүзгө дем берип: Соп, соп, Соп! деп, айдап баратып; Таш казгандар кеп кылышат өз ара: Мобул акын өз өзүнчө убара, Ойлойт, басат, бирдеме айтып күңгүрөйт, Кыйын экен… кыйын экен буларга. . Андай эмес, кыйын эмес абалар, Силер антип аёо көрбөй караңар, Кээ бир күнүм: Соп, соп десең, баса албаган Кош өгүздүн жаманына барабар. Кээ бир күнүм: көктө сызган тулпар ат! 26/Х 1948 Чолпон-Ата