Ырларга кайтуу
ШААРЫМ — АСЫЛ ФРУНЗАМ
Кыргызча
Эрте туруп тереземен карасам, Сүттөн бүткөн таза калаа көрүнөт. Жарыша аккан жаштык менен сулуулук Ушул жерден эки айрыкка бөлүнөт, Кубанычтуу тунук үндүү үн каккан: Шаарым, шаарым, Асыл шаарым — Фрунзам. Кең ачылган каалгамдан карасам, Канттан бүткөн таттуу калаа көрүнөт. Эң бир кымбат достук менен ынтымак Ушул жерден бир дайрага чөмүлөт. Жүзү жарык, Мобул өтүп бараткан. Шаарым, шаарым, Асыл шаарым — Фрунзам. Сыртка чыгып үй алдынан карасам, Жөн турбаган бир шок калаа көрүнөт. Таза тукум, эсенчилик, токчулук: Ушул жерден миң табакка бөлүнөт. Өскөнүнө, Көркөмүнө таң калткан: Шаарым, шаарым, Асыл шаарым — Фрунзам. 30/Х 1948 Чолпон-Ата