Ырларга кайтуу
ПАМИДОР
Кыргызча
Мен келгенде бул жерге Коңшу турган короолор, Айда деди Алыкул: Памидор, Памидор! Чын пейилден ошентип, Көрсөткөн соң жакшы жол, Кырка, кырка сап кылып Айдап алдым: Памидор, Памидор! Кезек күтпөй суу жыгып, Кыялым бар ороңдор, Анан мага коңшулар: Бизде дагы: Памидор, Памидор! Жакшы айтканга, терс айтып, Кыялым бар короңдор, Анда берки коңшулар: — Бизде дагы: Памидор, Памидор! Урушчудай теригип: Бул эмнең дейм, жолдоштор! Анда берки коңшулар: Кээде таяк жегизет, Памидор, Памидор! Мен жаш кезден турмушка Катуу бышкам жолдоштор! Суу тарттырган теңиме: Чабал белем Памидор, Памидор! 1/ХI 1948 Чолпон-Ата