Ырларга кайтуу
ВИНО
Кыргызча
Ичем вино, ичем — ичким келгенде, Адалдыкты арамдыгым жеңгенде! Мен жогортон башка ырым да айткандай: Экөөнүн тең тамырлары тереңде, Бирок: | Арамдыкы бир, Адалдыкы миң! Ичем вино, бирок ичким келгенде, Ууландырып ушак мени жеңгенде! Калк айткандай чагым менен мактоонун Тамырлары эң бир терең, тереңде. Бирок: Чагымдыкы бир, Мактоонуку миң! Вино куюп курбалыма, теңиме, Курсант болуп курбулуктун демине, Өз жаныма бардыгымды дем кылып, Урматыма ичпегенде эмне? • Турар күнүм бир, Калар күнүм миң! 1/ХI 1948 Чолпон-Ата