Ырларга кайтуу
ЖУМУШЧУНУН МҮНӨЗҮ
Кыргызча
Көрүү керек, аманчылык бар чакта Ким кызыкса: сулуулукка, гул-бакка. Таң калдырып чыгышка аккан суулары Жумушчу аттуу бир дүйнө бар биз жакта. Колдору алдуу, аяктары басарман, Жүргөн жери жамандыктан тазарган. Сакалдуусу: Ваня, Сергей, аталып, Кары өмүрлөр ушул жакта жашарган. Барга ташып, жокко моюн бербеген, Адөөлөттүк таразасын тездеген. Бирин бири: кыздар, балдар аташып, Карылыктын айлына бир келбеген. Арам байлык, сөөлөт жыйбай тамына, Кайрат кылып өзүнүн күч-алына. Куштар болуп шол дүйнөгө барганды «Сен» деп сүйлөп ысык кылган жанына. Соолур кезде, мени өндүрдү, тургузду, Кымбат жасап, арзан берди турмушту. Ошондуктан: акын атым болбосо — Турмушумда мен да кара жумушчу. 3/ХI 1948 Чолпон-Ата