Ырларга кайтуу
БИЗДИН КЫЗЫЛЧА
Кыргызча
Белоруссту айланып, Түгөл кыдырса: Табылбас дейм достор, Мындай кызылча. Сонун кызылча, Жолу орусча да — Тили кыргызча, Ой, биздин кызылча. Украинды айланып, Түгөл кыдырса: Табылбас дейм балдар, Мындай кызылча. Сонун кызылча, Тили орусча да — Кийми кыргызча, Ой, биздин кызылча. Казак жерин айланып, Түгөл кыдырса: Табылбас дейм достор, Мындай кызылча. Сонун кызылча, Жаны орусча да — Каны кыргызча, Ой, биздин кызылча. Жер дүйнөнү айланып, Түгөл кыдырса: Табылбас дейм балдар, Мындай кызылча. Таттуу кызылча, Таттуусунун себеби: Даамы кыргызча. 2/Х1 1948 Чолпон-Ата