Ырларга кайтуу
СҮЙҮНҮҮ
Кыргызча
Сүйүнүүдө мээнет даамын билбесе, Сүйүнүүнүн касиети бир эсе. Таттуулугу биздикинен башкача, Колхозчуда сүйүнүү бар бир нече. Жайда көрктүү ой-талаалар жашыл-көк, Жал-жал болуп жакшы бригад үйгөн чөп. Колхозчу аба: ак өзөндүн буудайы, Эми он күндө орулат деп сүйүнөт. Бул сүйүнүү үмүт берген дилине, Өмүрдөгү ырыскынын миңине ээ. Бышыкчылык бизге сүйүнч жеткирет, Окшобогон ар жылда бир бирине. 10/VII 1949 Чолпон-Ата