Ырларга кайтуу
***
Кыргызча
Кыйратам деп мейли кыян сел акса, Өчүрөм деп караңгы түн басса да, Бир кыядан — ар жагынан алардын Чыга келет ыракат күн бир паста. Өмүр жолу кээде бийик, кээде тар, Тардыгы эмне күч болгон соң кармашар. Көңүлдү эзип, жан кейиткен кайгынын — Ар жагында түгөнбөгөн шаттык бар. Кең сапарда учкан мезгил зуулдап, Кандуу агын тосмолорго урунат, Жетишпестик, кемчиликтин ичинен — Намысы күч ырыс деген туулат. Мен турмуштан көптү үйрөндүм көп көрүп, Бек чыдамкай жигит болдум өзгөрүп… Адам күнү — өлүм менен бүтүүнүн Адатымда чындыгы жок өңдөнүп. 12/VII 1949 Чолпон-Ата