Ырларга кайтуу
БАЛАЛЫК
Кыргызча
Жарык көрүп көз ачканы ойгонуп, Биз турмуштун таш жолдорун бойлодук. Чарчоо тартып, аз эс ала калганда: Сагынычтуу жылуу сезим ойгонуп. Эрке желдей беттен сылап желп эткен . Ал кез калып, токтоо, толук жаш жеткен, Эстүү болуп бүгүнкүдөн эртеңи, Кечекиге уялышкан кез кеткен. Тарчылыкка-мартчылыкка көнүгүп, Жокчулукта — ашып, ташып өнүгүп, Жапыс болуп кечээ көргөн бийиктер, Ыраактыктын баары жакын көрүнүп. 16/VII 1949 Чолпон-Ата