Ырларга кайтуу
КОШТОШУУ
Кыргызча
Чымыр өсүп, кубат алып заводдон, Көркү чыгып, өңү өзгөрүп оңолгон, Кетти Асанкул, эл коргоонун милдети Жигиттиктин ак милдети болгон соң. Эне күтөт: келет го деп жөнөр күн, Андан жакшы завод ээлеп жүрөгүн. Үч кайрылып кайрыла албай деп анан: Кош садага, кош жанымдай сүйгөнүм. Заманды ээлеп жыл жаңырткан муундар, Калкты эңсеткен тынчтык ээси ушулар, Бир ок болсо — эгер адам ажалы, Эки окко да былк этпөөчүү тукумдар. 25/VII 1949 Чолпон-Ата