Ырларга кайтуу
КҮЛЖАМАЛ
Кыргызча
Биздин жолдон өткөндөр, Бизге келе кеткиле! Үйдөгү ойнок Гүлжамал Быйыл туура жетиде. Биздин үйгө келгендер Баары бирден көтөрөт. Гүлжамалды кучактап Баары сүйөт, баары өбөт. Неге десең энеси: Ак ишинен даңк алган. Кадыр кылып урматтап, Өкмөт сүйгөн жакшы адам. Бизге дагы ушул салт Парс экен го ойлосок. Өкмөт сүйгөн сүйүүдөн Ашып түшкөн сүйүү жок. 9 / V I I I 1949 Чолпон-Ата