Ырларга кайтуу
ТҮЛКҮ МЕНЕН КАЗДАР
Кыргызча
Т ү л к ү : Каа, каа калың каз, Кача албайсың, алың аз. К а з д а р : Ой, ой, куу түлкү, Куулук кылбай оозуң бас. Т ү л к ү : Каа, каа калың каз, Кармап жеймин кардым ач. К а з д а р : Ай, ай ач түлкү Андай дебе балам жаш. Т ү л к ү: Май, май, майпаңдап, Майпаңдабай бери бас! К а з д а р : Кой, кой шум түлкү, Кичүү балам жылаңбаш. Т ү л к ү : Бой, бой бойтоңдоп, Бойтоңдошуң эң ырас. К а з д а р : Эй, эй куу түлкү, Эки балам жылаңбаш. Т ү л к ү : Укпаймын сөзүңдү, Кармап жеймин, кана кач! (каздар качышат, түлкү кубалайт, аңгыча күчүк чыга калат). Ау, ау, ач түлкү, Казды күчүк алдырбас. Т ү л к ү : Борс, борс борсулдак, Кайдан чыктың корсулдап? К ү ч ү к : Шып, шып шыпылдак, Шыпылдаган куу чунак. Т ү л к ү : Мага үрүүгө Сенин башың жаш. К ү ч ү к : Ау, ау ач түлкү, Баатыр болсоң кел кармаш. (түлкү качат, күчүк кубалайт). К а з д а р : Ка, ка, ка, ка, Нээти жаман ач түлкү, Бизди жебей жегин таш, Ка, ка, ка, ка, Бизди жебей жегин таш. (Түлкү качып кетет, күчүк каздарды кайтарып калат). 3/II 1945 Койсары