Ырларга кайтуу
ЧЫМЫН-ЧИРКЕЙ ЫРЛАРЫ
Кыргызча
Ч ы м ы н Чымын, чымын чымылдак, Чыга калат дыңылдап. Жумуш кылып жаткансып, Мурдунан ырдап кыңылдап. Абийри жок балитбай, Аш-тамакты бүт булгап. Балдар муну жолотпо, Үйүңөн айда, ыраактат.Ч и р к е й Чиркей, чиркей чекчегей, Аштык жыйнап экчебей, Күзгү мезгил болгондо, Эрте дебей, кеч дебей. Шишитип кетет этиңди Көйнөгүңдү чеч дебей. Безгек деген заары бар, Балдар, Муну койбогула эстебей. 3 . И й н е л и к Ийнелик, ийнелик, Иш кылуудан ийменип. Кыш болгондо карды ачып,. Жатып калат иймейип. Сен жалкоосуң, ийнелик, Сени менен дос болбойм, Тамагыңды ичпедик, Көйнөгүңдү кийбедик. К у м у р с к а Кумурска, кумурска, Кыйын экен жумушка. Талыкпаган мээнеткеч, Татынакай турмушта. Ачууңду кой аке, Жер талашып урушпа. А а р ы Аары, аары арбагай, Аягы бар тарбагай. Адашып кетип кокустан Аары айлына барба ай. Чачып алса ачуусу-ай, Ак балынын таттуусу-ан. К ө г ө н Көгөөн, көгөөн дөөпөрөс, Маңдайында жалгыз көз, Сайгак менен санаалаш, Тийген жери кызыл көш. Мындан өжөр неме жок, Себеп болбос айткан сөз. Ж а а ч ы . Жаачы баатыр түк коркпос, Көк айбанга саал окшош, Боорукерлүү жайы бар Карлыгачка жан жолдош. Жылаанды көрсө көзгө уруп, Бир ордунан козголтпос, Бала кезде жаа менен Далай күнү болгом дос.Ч е г и р т к е : Чегиртке, чегиртке, Секирип кетет эликче, ‘ Ырдай берет чырылдап, Карды тоюп эриксе. Эмгекке алган даны жок, Бир малы жок кериште. Мындан өткөн жалкоо жок, Мындан өткөн аңкоо жок. 17/II 1945 Койсары