Жомокторго кайтуу

Апенди менен хан

Кыргызча

Бир күнү хан кийикке чыкканда, Апендини кошо жолдош кылмак болуп: — Оо, Апендим, бүгүн биз менен бирге кийикке жүр,— деди эле, Апенди илгирбей макул болду. Бирок аны эң эле кашаң жана арык атка мингизип коюшту. Узак убакка кийик уулап, кечке жуук үйдү карай кайткан кезде, жаан шатыратып төгүп жиберди. Беркилердин баарынын аты тың жана жакшы аттар болгондуктан, чапкан бойдон шаарга кирип кетишти. Апенди өз атын камчысы менен канчалык чаап, буту менен канчалык теминсе да, эшейип баспай койду. Читать далее Апенди менен хан