Жомокторго кайтуу

Айлакер бала

Кыргызча

Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: «Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?» дейт. Анда бала: «Атым — Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда көз жумган дешет» дейт. — Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер деп ким койгон? Читать далее Айлакер бала