Жомокторго кайтуу

Төө менен бугу

Кыргызча

Мурда төөнүн куйругу, мүйүзү бар экен. Бир күнү бугу төөгө келип: -Мен конокко барам. Бир күнгө мүйүзүңдү бере тур, дейт. Төө мүйүзүн берет. Кийинки кунү жылкы келип: -Мен конокко барам. Бир күнгө куйругуңду бере тур, дейт. Төө куйругун да берет. Көп убакыт өтөт. Бугу менен жылкы Төөнүн куйругун да, мүйүзүн да кайтарып бербейт.
Төө менен бугу