Жомокторго кайтуу

КУУ ТҮЛКҮ

Кыргызча

Жолборс бир түлкүнү кармап алат. Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп: -Мени жей албайсың! Мен мына бул калың токойдун кожоюну болуу үчүн келгенмин,-дейт. Жолборс ары карап, бери карап анын сөзүнө ишенбейт. Анда түлкү: -Жоке, ишенбесең мени менен бирге токойго баргын. Андагы бардык айбанаттардын менден кандай корко тургандыктарын өз көзүң менен көргүн!-дейт. Көрсө көрөйүн,-деп жолборс түлкүнү ээрчип жөнөйт. Түлкү анын алдына түшүп алып, абайлап жүрүп отурат. Жолборсту көргөндөрдүн жүрөктөрү түшүп, туш-тушка качып, жым-жым жок болушат. Канаттуу куштар уяларынан уча качышат. Түлкү жолборско: -Жоке, менден коркпой турган эч ким жок экендигине эми көзүң жеткендир-дейт. Анда жолборс: -Чындыгында сен абдан барктуу экенсиң. Айбанаттардын баары сыйлап, абдан коркушат тура. Сени менен эрегишип, жамандык кылуу болбойт,-деп түлкүдөн коркуп, кое берет. Ошентип куу түлкү куулугунан өлүмдөн кутулган экен.